Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жеткиликтүү инфраструктура менен камсыз кылуу, алардын курортто ыңгайлуу эс алуусуна жана спорт, физкультура менен машыгуусуна жакшы шарт түзүү максатында “Физкультура жана спорт жөнүндө” жана “Туризм жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин депутат Дастан Бекешов сунуштап жатат.
«Физкультура жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга спорт жана физкультура менен машыгуучу жайлар майыптарга ылайыкташтырылыш керек деген өзгөртүүлөр киргизилиши шарт”- дейт депутат. Ал эми «Туризм жөнүндөгү» мыйзамга эл өкүлүнүн сунушу боюнча туристтик багытта иштеген субъекттерди ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеткиликтүү кылып эс алуучу жайларды жана алар турган аймакты ыңгайлаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бул аракеттерге көңүл ачуучу жана коомдук тамактануучу жайларды да киргизүү керек деп эсептейт депутат.
Мыйзамга кигизилчү бул өзгөрүүлөрдү аткарууну демилгечи депутат ошол эс алчу жайлардын жана спорттук клубдардын кожоюндарына жүктөөнү сунуш кылууда. “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга ылайык мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкарууларды, юридикалык жана жеке тараптарды, алардын менчигиндеги объектилерди майыптар эркин пайдаланышы жана ал спорттук жабдууларды мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жеткиликтүү кылып ыңгайлаштыруу милдеттендирилген.
Мыйзам долбоордун толук тексти менен бул жерден тааныша аласыз.
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамеки чегүүдөн жана тамеки түтүнүнүн тийгизген таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору жарандар тартчу насывайды өндүрүү, ташып кирүү жана сатуу-жүгүртүү маселесин чечүүнү сунуш кылат. […]
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык эсебин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоордун максаты 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире […]