Мыйзам боюнча насывай

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамеки чегүүдөн жана тамеки түтүнүнүн тийгизген таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору жарандар тартчу  насывайды өндүрүү, ташып кирүү жана сатуу-жүгүртүү маселесин чечүүнү сунуш кылат.  

Насывай деген бул тамекидей чекпей турган, бирок тамекиден жасалып, химиялык компоненттер (арасында аки таш бар) жана башка кошумчалар менен аралыштырылып жасалган тамеки заты. Айрымдары насывайга тооктун кыгын кошот деп эсептешет.

Бул мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын аймагында чекпей турган тамеки заттарын,насывайдан башкасын,өндүрүүгө,башка өлкөдөн алып кирүүгө жана аны сатып-жүгүртүүгө (анын ичинде сактоого, дүңүнөн жана бирден сатууга, өлкөдөн алып чыгууга) тыю салат. Бирок, бул насывайды жасап эркин сатса болот дегенди билдирбейт.

Ушул эле беренеде лицензиясыз, насывайды үй шартында даярдоо, ошондой эле техникалык жана санитардык-гигиеналык  эмгек шартын сактабай жасоо каралган.

Мындан сырткары жүгүртүүгө (насывайды сактоо, дүңүнөн жана бирден сатуу) жасалгаланган таңгаксыз, тийиштүү сертификаты жок болсо, акциздик марка чапталбаса жана насывайдын ден-соолукка зыяндуулугу жөнүндө эскертмеси жок болсо тыю салынат.  Мыйзам долбоордун автору насывайды таңгактоо боюнча өзүнчө талаптардын (аталышын, ким өндүргөнүн,арыз-дооматтар үчүн байланышуу, ден-соолукка зыяндуулугун эскертүүсү жана башка толтура маалыматтарды) болушун жазып чыккан.

Учурда иштеп жаткан мыйзам да насывайды тамеки заттарына кошкон жана тийиштүү чектөөлөрдү киргизген.Бирок, иш жүзүндө бул талаптар кантип сакталаары белгисиз.  Мындай мыйзам долбоорду сунуштап жатып демилгечи бүгүнкү күнү өлкөдө насывай өндүргөн канча ишкана мыйзамдуу ачык иштеп жатканын, алардын мыйзамдуу иштеши үчүн шарттар бар же жок экени туурасында маалымат берген эмес.

Эгерде лицензия менен сертификатсыз эле насывайды өндүрүүгө жана сатууга тыю салынса, анда биринчи кезекте лицензия менен сертификат берүү механизмдерин ойлошубуз керек. “Кыргыз Республикасында лицензия-уруксат берүү жөнүндөгү” мыйзамда мындай лицензия берүү каралган эмес.  

Мыйзам долбоорунун аткарылышы үчүн демилгечинин бир эле сунушу бул насывайдын сапатына көзөмөл кылып жана аны текшере турган так мамлекеттик органды аныктоо. Мамлекеттин кайсы органы өлкөдө өндүрүлүп жана сатылып жаткан насывайды текшерет жана аны сактоо шарттарына көз салат. Бул жаатта маселени укуктук жактан чечип, шарттарын кароодо майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуш керек. Болбосо бул демилге текшерүүчүлөр үчүн дагы бир оңой акча тапчу ыкмага айланып калышы мүмкүн.

Ой-пикир кошуу

кирүү