Жол эрежесин бузгандардын жоопкерчилиги күчөтүлүүдө

Бир жылдын ичинде үч же андан көп ирет жол эрежесин бузган айдоочулар 8 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылат, ал эми тротуарга унаасын токтоткондор 2 миң сомдук айып толойт. Бул жөнүндө 22-февраль күнү коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда айтылат

Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлиги тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган:

  1. Жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү:

– кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/саатына ашырылган учурда, укук бузуучу 700 сомго жазаланат; 20 км/с – 1,5 миң сомго; 40 км/с – 3 миң сомго; 60 км/с – 5 миң сом жана айдоочулук укугунан үч айга ажыратууга; 80 км/с – 8 миң сом жана айдоочулук күбөлүгүнөн алты айга ажыратууга жазаланат;

– белгишамдын тыюу салуучу белгисине же жөнгө салуучунун жаңсоосуна карабай өтүп кеткендерге 2 миң сомдук айып салынат;

– жол белгилери же жол чийиндери менен белгиленген стоп-линиядан токтобой өтүп кетүү – 1,5 миң сом;

– милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын айдоочу аткарбаган учурда – 2 миң сом;

– жол кыймылынын каршы тилкесине чыгып кетүү  – 5 миң сом;

– жоо жүргүнчүлөргө жол бербей коюу – 1,5 миң сом;

– жөөлөр үчүн же велосипед үчүн жолдор менен, жол жээги менен, газондор менен транспорт каражатын айдоо – 2 миң сом;

мас абалда унааны башкаргандарга 30 миң сомдук айып жана айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга ажыратуу түрүңдөгү жаза колдонулат. Көрсөтүлгөн укук бузуу авариялык абалды жараткан учурда 40 миң сом өлчөмүндөгү айып жана айдоочулук укугунан эки жылга ажыратуу; эгерде адамдын өмүрүнө же ден-соолугуна же транспортко/мүлккө зыян келтирилсе – 50 миң сом айып жана айдоочулук укугунан үч жылга ажыратуу;

айдоочу мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартканда – 30 миң сом айып жана айдоочулук күбөлүгүнөн үч жылга ажыратуу;

– транспорт айдоого укугу жок же мындай укуктан ажыратылган адам унаа башкарганда – 5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынат.

  1. Мындан сырткары министрлик тарабынан мыйзамды кийинки нормалар менен толуктоо сунушталууда:

– укук бузуулар сертификатталган фото- жана видеожазуу функциялары бар техникалык каражаттар менен ырасталган учурда, айдоочу күнөөлү эмес экенин өзү далилдеши керек болот;

– жолдун четинде же транспорт жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылуу эскертүү менен же болбосо 1 миң сомдук айып менен жазаланат;

– бир жылда үч же андан коп ирет жол эрежесин бузган айдоочу автомектепке окууга жиберилет. Окууну аяктаган соң, анын билимин текшерүү максатында экзамен тапшырат. Бүгүнкү күндо иштеп жаткан мыйзамга ылайык айдоочу окууга жиберилбейт, ал болгону экзамен тапшырат;

– айдоочу жол кыймылынын эрежелеринде каралган документтерди милиция кызматкерине берүүдөн баштартса, ага 1,5 миң сом айып салынат, ал эми ушундай эле укук бузууну экинчи ирет жасаса – 3 миң сомдук чыгым тартат жана айдоочулук күбөлүгүнөн алты айга ажырап калат;

бир жылдын ичинде үч же андан көп ирет жол эрежесин бузган айдоочулар 8 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылат. Бирок бул демилге «бир эле укук бузуу үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоосу керек» деген конституциялык нормага каршы келерин белгилеп кетүү зарыл;

– жол эрежесин бузуу жөнүндө протокол жөнөкөйлөштүрүлгөн форматта, электрондук маалымат базаларын, атайын программаларды жана техникалык жабдууларды колдонуу менен түзүлүшү мүмкүн. Мындай протоколдор бир жылдын аралыгында сакталууга тийиш;

– сертификатталган фото- жана видеожазуу функциялары бар каражаттар менен ырасталган укук бузуулар боюнча аныктама, укук бузуучуга атайын портал же СМС-билдирүү аркылуу жарыяланат;

– жазалоо жөнүндөгү аныктама чыккандан баштап алты күндүн ичинде айып пул төлөнгөн учурда, анын жарым өлчөмү төлөнүшү мүмкүн.

Аталган мыйзам долбоору бир айдын аралыгында коомдук талкууда болуп, андан соң парламенттин кароосуна жиберилиши мүмкүн.

Сүрөт: sputnik.kg

Ой-пикир кошуу

кирүү