Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Кечээ, жаздын алгачкы күнүндө, министрлер кабинетинин башчысы Сапар Исаков «Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул чечим ушул жылдагы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынгандыгы тууралы документте айтылат
Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери 3-мартта (ишемби) жумушка чыгышат. Бирок 9-март (жума) алар үчүн дем алыш күн болот.
Ошентип аталган документ менен дем алыш күндөрдү жумуш күндөрүнө которуунун натыйжасында, кыргызстандыктар 9-мартта, 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышары бекитилген. Ал эми 2018-жылдын 3-марты (ишемби), 28-апрели (ишемби), 7-майы* (дүйшөмбү), 3-ноябры (ишемби), 29-декабры (ишемби) жана 2019-жылдын 5-январы (ишемби) иш күндөрү катары жарыяланган.
* Негизи 7-май дем алыш күнү катары таанылат, анткени 5-май (Конституция күнү) ишембиге туш келет. Бирок өкмөт бул эс алуу күнүн 3-сентябрга которууну чечкен, себеби күздүн 3-күнүно III-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи пландаштырылган.
Өкмөттүн токтому жеке менчик уюмдардын жетекчилерине да пайдаланууга сунушталат.
Макаланы жазган: Замир Жоошев Суроо: Менин даректүү каттоом (прописка) Каракол шаарында. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында жеке ишкерликти баштаганы жатам. Эми мен Караколго барбай эле, Бишкектеги […]
Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова Бизге биринчи турмушунда төрөлгөн баласынын фамилиясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бардыгын сурап кайрылышкан. Ата-энеси чогуу жашабай калса же ажырашып кетсе бала төрөлгөндө алган фамилиясы […]