Жеке компаниялар да турак жайларды камсыздандырышат

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Музаффар Исаков жана Эльвира Сурабалдиева жеке компанияларга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу кызматын көрсөтүүгө уруксат берүү менен бул тармактагы мамлекеттик уюмдун монополиясын жоюуну сунуштап жатышат. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууда каралып жатат

2016-жылы күчүнө кирген жана учурда колдонулуп жаткан «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, үйлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу кызматы жалгыз гана өкмөт негиздеген «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлөт. Башкача айтканда бөлөк уюмдар, ошолордун катарында жеке компаниялар да, аталган ишти жасай алышпайт.

Мыйзам демилгечилери жеке компаниялардын ишмердүүлүгүн мындайча чектөө – Кыргыз Республикасынын бир нече мыйзамдарына каршы келет эсептешет. Төмөндө ошол мыйзамдардын тизмеси:

  1. «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамда (ст.9) мамлекеттик органдарга чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз алдынчалыгын чектеген, алардын кызыкчылыктарын кысымга алган, атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюууга алып келген актыларды кабыл алуусуна жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү ыйгарым укуктарды берүүгө тыюу салынат;
  2. «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» (ст.5)  мыйзамда: «Мамлекет камсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө камсыздандыруу уюмдарынын мүлктүк жана башка укуктары менен мыйзамдык кызыкчылыктарын, эркин атаандаштык шарттарын сактоону жана коргоону камсыз кылат», – деп аныкталган;
  3. Мамлекет ишкерлерге:

– тең укуктуулук жана каржылык, эмгектик, табигый, маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүүнү;

– атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү;

– Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде иштеп жаткан ишкерлердин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоону кепилдейт. Бул тууралуу «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамда айтылат (ст.4);

 

  1. «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» (ст.15) мыйзамда: «Ишкердикти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенцияларына ылайык, ыңгайлуу уюштуруучулук жана экономикалык шарттарды түзүү жолу менен, анын ичинде рынокто монополисттик ишти жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөрдү болтурбоо багыты боюнча жүргүзүлөт», – деп жазылган.

Эл өкүлдөрү укуктук актылардагы карама-каршылыктарды «Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдан «мамлекеттик камсыздандыруу уюму» жана «мамлекеттик» деген сөздөрдү алып салуу аркылуу жоюууну көздөшүүдө.

Белгилеп кетчу нерсе, бүгүнкү күндө турак жайды камсыздандыруу жарандардын милдети болуп саналат. Ошол эле учурда бул милдетти аткарбагандарга карата мыйзамда эч кандай жоопкерчилик каралган эмес. Бирок, эгерде үй ээси өз мүлкүн камсыздандырбаган болсо жана ал үй табигый кырсыктардан улам талкаланып калса, анда мамлекет тарабынан жабырлануучуга жардам берилбейт. Мына ушул жагдай, мыйзамдын авторлорунун пикири боюнча, турак жайын камсыздандырбагандарга болгон эң чоң жаза болуп саналат.

Ой-пикир кошуу

кирүү