Садыр Жапаровтун соту 5-июнга жылдырылды

Бугун 29-майда саат 10:00 до Жогорку сотто Садыр Жапаровтун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун арызынын негизинде  козомол иретинде сот отуруму болду. Бул учурда Жогорку Соттун имаратынын алдында камалган саясатчынын коптогон тарапташтары пикетке чогулушту. Республиканын бардык областтарынан келишкен Жапаровтун тарапташтары саясатчыны бошотууну талап кылышты.

Жогорку Кенештин мурунку депутаты Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта отурат. Ага карата КРнын Кылмыш Кодексинин 227-беренеси (бийлик окулун барымтага алуу), 341-беренеси (бийлик окулуно куч колдонуу),113-беренеси (олтуром деп коркутуу) жана 234-беренеси (хулиганчылык) боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон эле.Эскерте кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтор» маселесине байланыштуу болгон башалмандыкта митингге чыккандар Ысык-Кол облсунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан. Эмилбек Каптагаев бироону куноологондон баш тартып, Садыр Жапаровтун куноосуз экендигин буга чейинки соттук отурумдарда айтып келген. Бугун да Эмилбек Каптагаев Жогорку Соттун алдына пикетке чогулгандардын арасында журду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровту уч берене менен актап, бирок 227- «бийлик окулун барымтага алуу» беренеси менен 11 жыл 6 айга соттогон. Соттун окуму боюнча Садыр Жапаров моонотунон мурда шартуу турдо бошотулууга жатпайт делип, кучотулгон режимдеги абакта чегерилген убактыны толугу менен отош керек. Саясатчы окум менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган эле. Ошол соттук отурумдарда негизги жабырлануучу болуп эсептелген Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровко карата бардык доосунан баш тартып, соттон аны актап берууну отунгон. Ага карабай шаардык соттун судьясы Жаныл Мамбеталы 2017-жылдын 17-сентябрында Биринчи май райондук соттун чечимин озгоруусуз кучундо калтырган.  Ал эми бугун Жогорку Соттун коллегиялык соту камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароону 5-июнга калтырды. Буга ишти карай турган үч соттун бири ооруп, келбей калганы менен тушундурушту.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов  жаңы президент келгенден кийин “сот акыйкат карайт” деген үмүт пайда болгонун айтып, Жогорку Сотко даттануу арызы менен бир ай мурун кайрылганын билдирди.

Ой-пикир кошуу

кирүү