Коррупция коррупция менен күрөшүүдө

Сапар Исаковко ЖЭБтеги (ТЭЦ) авария боюнча кылмыш иши козголду. Саясий багыттардын кокус өзгөрүп кетишинде  жана Парламенттин 190 градуска бурулуп жакшы иштеп баштаган маалында бул жагдайды элдин баары күтүшкөн. Соттолгон саясатчылардын тизмесин акыры  С.Исаков да толукташы керек эле.

Бул процесстин жакшы жагы жана Атамбаевке кол салуу боюнча даярдыктардын жүрүшүндө жоопкерчиликти көп жылдар бою сезбей калган атка минерлер эми Кыргызстанда мыйзам алдында баары тегиз жана кол тийбеген эч ким жок экенин жон териси менен түшүнө  башташат. Сен ким болсоӊ дагы, кандай мамлекеттик кызматтарда иштебе эртеби кечпи бардык мыйзам бузууларыӊ менен кошо байкабай кетирген каталарыӊ да сени түрмөгө жетелээри турган иш. Азыркы болуп жаткан процесстерди түшүнүү аларды көбүрөөк мыйзамга кайрылып, ар бир беренени кызыгып окуп чыгууга, жогору жактан келген шектүү  буйруктарды азыраак аткарганга мажбур кылат. Андай болгон күндө уурулуктун саны жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу кылмыштары азаят.

Жагдайдын баш ка жагы – бул ошол эле УКМК менен прокуратура 2010-жылдын 6-апрелинде Текебаевди түрмөгө отургузуп, Атамбаевтин үйүнө чейин кирип барганы. Булар кийинчерэк өздөрүнүн саясий каршылаштарын чекеден соттоп баштаган. Андан соӊ Салянованы, кийинчерээк Текебаевтин өзүн да камашты. Ал эми азыр ушундай эле куугунтук Исаковко карата башталды, Атамбаевтин да колуна кишен салабыз деп даярданып жаткан учуру.

Мыйзамга баш ийбегенде, адамдын эркиндиги тебеленип , укуктары сакталбаганда  жана сот системасын өзүм билемдиктей пайдаланып калганда – элди эзүүчүлөрдүн укуругу бирдей иштеп баштайт. Эртеби-кечпи саясатчылар бирин-бирин каӊтарышат, бирок өз убагында «бөрк ал десе башын алган желдеттерден» азап көрсө да, саясатта жолу болуп, бийликтин тизгинин кармаган учурда аларга негедир тийбейт. Тескерисинче, алардын «ляппай» -деп ар бир бийликке кызмат кылууга даяр турганынан пайдаланышат.

Чыныгы люстрация саясатчылардан башталбайт. Тазалануу- бөрктүн ордуна баш кесүүгө даяр турган түрдүү тергөөчүлөр менен прокурорлордон башталат. Бийлик алмашканда буларыӊ  заматта байкушка айланып,күнөлүү эместигин айтып ыйлашып, «күнөөсүз» көздөрү менен баарын шеПтерине төӊкөшөт.

Өзүм билемдиктин пайдубалын орнотуу менен алар ар дайым көз жаздымда калып келишкен. Ушул «желдеттердин» өзүлөрүнө айып тагылганда гана Кыргызстанда чыныгы өзгөрүүлөр башталат.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү