Аял – үй-бүлөлүк баалуулукпу?

Милициянын имаратындагы кызды өлтүрүү окуясы бул бир гана милиционерлердин шалаакылыгы эмес,мыйзам чыгаруучулардын сабатсыздыгынын натыйжасы деп эсептейм. Алар, үй-бүлө курам деп кызды зордоп ала качкан кылмышты эркиндикке, ар намыска жана  кадыр баркка кол салуу болуп эсептелген “адамды уурдоо” кылмышынан өзүнчө бөлүп коюшкан. Эгерде эркек аялга үйлөнөм десе ошол аял адам эмеспи? Инсан эпеспи?

Жок,адам эмес,инсан эмес,аял-бул үй-бүлөлүк баалуулук деп кылмыш кодекси жооп берип атат. Анткени,кылмыш кодексинин “никеге туруу үчүн аялды ала качуу” деген 155-беренеси  “үй-бүлөгө жана жашы жете элек балдарга каршы кылмыш” деген чоӊ бөлүмгө кошуп киргизилип калган. “Кыз ала качуу” кылмышы үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратылат деп оор кылмыштар катарына кошкону маанилүү деле эмес.

Үй-бүлөлүк баалулукка кол салуу бул алимент төлөбөй койгон мисалдар сыяктуу эле катардагы көрүнүш болуп, коомдун аӊ сезимине сиӊип калган. Ошондуктан, кыз алып качкан жигитти милициялар кылмышкер катары эмес, сүйүүсүнө жетпей калган байкуш катары кабыл алып, аяп коюшкан. Коюлган беренени өзгөртсө болот, албетте, бул өзүнчө маселе, бирок адилеттүүлүк үчүн кол салган кылмышкердин аракеттерине туура аныктама берилиш керек болчу.

Ала качуу менен адамдын эркиндигине  кол салууну айырмалай албаган биздин юрист окумуштууларда чоӊ жоопкерчилик жатат. Өз убагында юридика илиминин доктору Лейла Сыдыкова менен ушул берене боюнча кызуу талашып тартышканбыз.

Жаӊы кылмыш кодексин талкуулап жатканда кандай максатта аялды уурдабасын, кыз ала качкан эркек үй-бүлөлүк мамилелердин баалулуктарына эмес, ошол жеке инсандын эркиндигине кол салып жатат деп мен катуу тартышкам.Ошондо Сыдыкова мени теорияны анча билбейсиӊ деп зекип, кыз уурдаган жигиттин максаты үй-бүлө куруу болот деп талашкан.Эгерде кыз жигитти сүйбөсө,керек болсо аны тааныбаса, анда эркектин максаты жөнүндө айтып эмне кылабыз?

Мүмкүн кыз такыр эле Лондонго жөнөп жаткандыр? Ошентип, 2019-жылы ишке кирип жаткан жаӊы кылмыш кодексинде ушундай баш айланткан түшүнбөстүктөр сакталып калып атат. Биздин күрөшчүл феминист аялдарыбыз менен аял укугун коргогондор кылмыш кодексиндеги ушул жагдай  үчүн жооптуу болушу зарыл. “Аялды никеге турууга мажбурлоо,никеге туруу үчүн аны ала качуу” беренесин ошолор ойлоп таап кодекске киргизип, ал “жеӊишин” катуу майрамдашкан болчу.

Жаӊы нормаларды ойлоп тапкандын ордуна азыркыларды иштетүүгө күчтөрүн жумшашса болмок. “Адам уурдоо” беренеси мурда эле бар болчу. Үй-бүлө курам деп кызды ала качкан ар бир окуя боюнча милициядан кылмыш козгоону талап кылыш керек. Эгерде баш тартса, анда сотко даттанып, массалык маалымат каражаттарында чагылдырып,бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрду толугу менен пайдаланыш керек. Эртеби кечпи бул берене “кызды ала качкан” окуялар үчүн иштеп бермек.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү