Юридикалык тез жардам

«Паспорт столдо иштеген жетекчи же катардагы кызматкер  жергиликтүү кеӊештин депутаты болуп да иштей берсе болобу?»-деп бизден Мирлан Энназаров сурады.

Биздин жооп:

Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун кээ бир кызматтар жана иш түрлөрү менен шайкешсиздиги

Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:

1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;

2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;

3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.

Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.

Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.

Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.

Бул мыйзамдардын ушул беренелеринин биринчи пункту берилген суроого тиешелүү. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди каттоону бекитүү» жөнүндөгү  КРнын Президентинин буйругуна ылайык паспорт столдун башчысынын орду жетекчилик кызмат болуп эсептелингендиктен ал бир эле убакта эки кызматта, жергиликтүү кеӊештин депутаты жана паспорт столдун башычысы боло албайт. Тагыраагы, паспорт столдун башчысы болуп туруп ошол эле айыл аймактын же шаардын жергиликтүү кеӊешинин депутаты боло албайт. Паспорт столдун башчысы же депутаттыктан же паспорт столдун жетекчилигинен баш тартышы керек.Ал эми паспорт столдун катардагы кызматкери бир эле учурда жергиликтүү кеӊештин депутаты боло алат.

Ой-пикир кошуу

кирүү