К.Самаков кайра эле абакта

Бишкек шаардык соту экс-депутат Карганбек Самаковго карата Октябрь райондук сотунун чыгарган өкүмүн  күчүндө калтырды

Бүгүн 1-июнь күнү Бишкек шаардык соту парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды.”Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган” деп айыпталган Самаковду 2017-жылдын 19-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган эле. Самаков менен кошо «мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн» делип, ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер-министр  Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге да айып тагылган. Октябрь райондук соту экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдердин ар бирине 5 миллион сомдон айып пул салган чечимин чыгарган. Ал өкүм боюнча Карганбек Самаков менен кошо күнөөлөнүп жаткан Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновдордун үй-мүлктөрү конфискацияланып, катаал тартипте 8 жылга абакка кесилип, эки мунапыс менен абак мөөнөтү, үчтөн бирге кыскарган. Бугун Бишкек шаардык соту тарабынан бул өкүм күчүндө калтырылды.

Эскерте кетсек, 2008-жылы Чүй облусундагы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылы май айында кылмыш иши козголгон. Издөөгө алынган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевдерди 10 жылдан эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган болчу. Булар боюнча да окум өзгөрүүсүз күчүндө калды.

Карганбек Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал 2017-жылдын 19-декбрь күнү сот залынан камакка алынган болчу.Бугун Бишкек шаардык сотуна келген Самаковтун тарапташтары Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган шаардык соттун судьяларына нааразычылык билдиришип, Жогорку Сотко кайрыла тургандыгын айтышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү