Нарынбек Сариевтин соту али баштала элек

Нарынбек Сариевтин үстүнөн козголгон кылмыш ишин Ленин райондук сотунда кароо башталды. Бирок, соттук кароо башталбай жатып бардык 13 эпизод менен айып тагылган кылмыш иши кайра толукталыш үчүн прокурорго берилди.

“Иска строй” компаниясына алданып, жаңы үйгө кирет элек деп “Иска строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевке акчасын алдырып жибергендердин саны 600гө жетти. Алардын ар бири 20 миң доллардан, 150 миң долларга чейин акчасын төлөп коюшкан. Бирок, бүгүнкү күндө же жаӊы квартиралуу болушпады, же акчасын кайра кайтара алышпай ортодо калышты.

Нааразы болгон үлүшчүлөр прокуратурага арыз жазып, 2017-жылдын 3-октябрында Ленин райондук соту компаниянын директору Нарынбек Сариевди эки айга убактылуу тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.Бул чечимди өзгөртүү аракети акыры Жогорку Сотко чейин жетип,жыйынтыгында Нарынбек Сариев азыр тергөө абагында отурат.

Үстүбүздөгү жылдын 31-май күнү Ленин райондук сотунда болгон отурум эки жарым саатка уланып, буга чейинки жабырлануучулардын катарына дагы алданып калган үлүшчүлөр кошулду. Мамлекеттик прокурор 13 эпизод боюнча алдап акча алуу учуру болгонун айтып, алардын ар бири 20 мин доллардан  150 мин долларга чейин акчасын алдыртып жибергенин билдирди. 12 эпизоддун баарында Кылмыш кодексинин 166- алдамчылык беренеси коюлуп айып тагылган болсо,акыркы 13-чү эпизоддогу ошол эле алдамчылык беренесине «кызмат абалынан пайдалануу» деген 304ү берене да кошулуп жазылып айып тагылган.

Нарынбек Сариев бул 13-эпизод менен тааныш эместигин айтып, күнөөнү мойнуна албастыгын билдирди. 166чы алдамчылык беренесине кошулган 304-беренени 12 эпизод боюнча жабырлануучу деп табылышкан үлүшчүлөр да өз эпизоддоруна кошуп коюну суранышты.

Натыйжада, Нарынбек Сариевтин ишин караган Ленин райондук соттун судьясы Феликс Осмонов тергөөдө кетирилген кемчиликтерди оӊдош үчүн ишти кайра прокурорго жөнөттү. Ошондой эле Ички Иштер министрине тергөө иштериндеги кетирген кемчиликтери үчүн Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнө чара көрүлсүн деген жекече аныктамасын берди.  

Ой-пикир кошуу

кирүү