Соттун чечими чыкканга чейин эркиндикте калтыруу презумпциясы жөнүндө

КРнын Кылмыш кодексинин 341-беренеси боюнча кылмыш кылды деп күнөөлөнүп жаткан Нургуль Балтабаеваны өлкөдөн чыгып кетпөө боюнча макулдугун алып кое беришкени боюнча азыр Фейсбукта көптөгөн жарандар нааразычылыгын билдирип комментарий жазышууда

Сот туура жана мыйзамдуу чечим кабыл алган. Анткени, “Камакка алуу” чечими мындан да жеӊилирээк баш коргоо чарасын колдоно албай калган учурда колдонулат. Тагыраак айтканда, биздин мыйзамда сотко чейин жооп берүүчүнү эркиндикте калтыруу принциби иштейт. Бул- жооп берүүчү эркиндикте жүрсө тергөөдөн качып кетишин же иш боюнча акыйкатты орнотууда тоскоолдук жаратаарын айыптоочу тарап далилдеген учурда гана камакка алуу чечими колдонулат дегендикти билдирет.

Сот мыйзамдуу чечим кабыл алганы менен, тилекке каршы, сот адилеттүүлүгү тандалма экени көрүнүп калды. Анткени, башка учурларда сот күнөлүүгө шектүүнү заматта камакка алмак. Мындайча айтканда, жалпы эреже боюнча күнөлүү камакка алынат да, ал эми “өзгөчө” учурда экриндикти чектебеген баш коргоо чарасы колдонулат.

“Өзгөчө” жагдай – бул пара алуу экенин баарыбыз эле билебиз. Соттун токтомунда, албетте, бул туурасында жазылбайт, мыйзам боюнча жазыла турган нерселер гана толтурулат.

Сотко чейин жаранды эркиндикте калтыруунун болжолду баасы 500 дөн 1000 америка долларына чейин. Анын ичинен болжол менен ар бири  100-200 доллардан тергөөчу менен прокурор алат, көбүрөөгү судьяга калат.

Албетте, эгер иш резонанс жарата турган болсо же “кардар” чиренген бай болсо, анда параны 3 миӊ америка долларына чейин көтөрүшөт. Эгерде адвокат ортомчу болсо ал дагы өз тиешесин алат, албай койбойт. Бирок, адвокат өзүнө канча акча калтыраарын эч ким эч качан билбей калат.

Ой-пикир кошуу

кирүү