Мамлекеттик кызмат жана соттолгондук

“Бир адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган эле. Бирок, ага карата кылмыш иши калыбына келбеген негизде делип токтотулган. Эми ал адам мамлекеттик кызматта иштесе болобу?» – деген суроону  Facebook социалдык тармагынын пайдалануучусу Бейшенбиева Гуля Precedentinfo го узаткан экен.

Биздин жооп:

«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын биринчи беренесине ылайык мамлекеттик кызматкер бул мамлекеттик органдагы административдик кызматты ээлеген,  ыйгарым укуктагы кызматына жараша кесиптик кызматты аткарып, ал үчүн туруктуу негизде республикалык бюджеттин каражатынан акчалай сыйлык алып турган Кыргыз Республикасынын жараны эсептелет.

Ушул эле мыйзамдын 19-беренесинде соттолгон жаран мамлекеттик кызматта иштей албайт жана мыйзамдуулуктун тартибинде белгиленгендей соттолгондугу алына электер же соттолгондугун жое элек жарандар да мамлекеттик органга алынбайт.  

Сот тарабынан айыпталган өкүм чыгып, ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндө гана «Соттолгон» деген статус жаранга берилет. Бул туурасында Кыргыз Рсепубликасынын Кылмыш кодексинин 76-беренесинде так жазылган.

Ошентип, эгерде жаранга карата козголгон кылмыш иши тергөө учурунда же соттук териштирүү учурунда болобу, кандай негизде болбосун (калыбына келтирүүчүбү же калыбына келтирбөөчү негиздеби)токтотулган болсо анда ал соттолбогон болуп эсептелет.  Ушуга жараша бул жарандын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматында иштей турган  мыйзамдуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ой-пикир кошуу

кирүү