Коррупциянын коррупция менен күрөшүүсү уланууда

Макаланы жазган: Нурбек Токтакунов

Кылмыш кодексинин 303чү «Коррупция» беренеси болбогон нерсе. Ал коррупция менен күрөшүү үчүн эмес, саясий куугунтуктоо үчүн гана жарайт.

Кодексте жазылгандай бул кылмыштын белгилерин иликтеп көрөлү. «Коррупция – материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар, – мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Жазылган белгилерде так бир кылмыш жөнүндө атылбай эле коррупция деп аталган жалпы коомдук көрүнүш сүрөттөлгөнү көрүнүп турат. Кылмыш кодексинин максаты кылмыштуу көрүнүштөрдү сүрөттөө эмес, жасалган кылмышты так жана даана белгилеш керек эле.

Коррупция бул кызматтык кылмыштар болгондо, мисалы:

“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда” (КК 304-берене); “Бийликти кыянаттык менен пайдаланганда” (КК 305-берене);

Пара алуу, берүү менен байланышкан кылмыштар(КК 313-314-беренелер— пара берүү, пара алуу, опузалап пара талап кылуу,пара боюнча ортомчулук кылуу);ошондой эле «Кызматтык кыянаттык» (КК 315-беренеси) жана «Шалаакылык» (КК 316-беренеси).  

Бул-кылмыш болгон жерден кылмышкердин колунан кармап алса же болбосо күбөлөрдүн көрсөтмөсү, документтер же башка материалдар менен далилденчү кылмыштар. Ушул кылмыштарды таап чыгууда жана аларды алдын алууда укук коргоо органдары натыйжалуу иш алып баралса өлкөдө коррупция азаят.

Эгерде ушундай кылмыштарды жасаган адамдардын уюшулган тобун жана алардын анабашчыларын таба алышса анда кылмыш кодексинин 31-беренесине ылайык мындай уюм уюшкан кылмыштуу топ деп аталат, ал эми анабашчылары уюштуруучу катары эсептелингендиктен оордотуучу жагдай катары саналат.

Ошентип, өлкөбүздүн кылмыш кодексинде «Коррупция» деген берене жок, бирок, бул коррупция менен күрөш жүргүзүлбөй  жатат дегендикти билдирбейт. Эгерде кылмыш кодексинде «Коррупция» деген берене бар болсо, демек, ошол коррупция менен күрөшүүнү али үйрөнүшө элек.  

Иштин баары укук коргоо органдарынын коррупция менен күрөшүүдө натыйжасыз иш алып барып жаткандыгында же болбосо ошол күрөштө тандалмалуулуктун болушунда. Мындай жагдайда бул берене укук коргоо орагандары жана бийликтеги ошол уюшкан топ тарапка гана иштейт.Анткени «Коррупция» беренеси «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды», «бийликти кыянаттык менен пайдаланды», «пара алуу жана берүү» деген так жана даан болгон кылмыштарга далилдерди талап кылбайт. Ошондуктан, бул беренени саясий жактан күрөшүүнүн куралы катары пайдлануу өтө ыӊгайлуу.

«Коррупция» беренеси боюнча күнөлөөгөн Укук коргоо органдарынын ашачапкан мамилеси азырынча Кыргызстанда коррупция коррупция менен күрөшүп жатканын далилдейт. Бул, бир саясий күчтүн коррупционерлери алсыз коомду пайдаланып  башка саясий күчтүн коррупционерлери менен эсептешип жатат дегенди билдирет.  

Коррупция коррупция менен күрөшкөндө мамлекеттин коррупция менен күрөшү башталат окшойт. Чиночник коррупция менен айыпталганда, биринчиден, бийликтегилер эч качан жаза тартпайм деген жаӊылыш  сезиминен айрылышат, экинчиден, абакта отурганда өзүн мурункудай чоӊ, кыйын сезбей, адам укугу жөнүндө көп ойлонуп калышат, ал эми үчүнчүдөн  катуу саясий күрөштө бул чоӊдор бат-баттан мыйзамдарды карап,окуп калышат. Ошентип,болуп жаткан өзүм билемдик заманга карабай тарыхый процесстер өз нугу менен кете берет. «Коррупция» беренесинин Кыргызстандын Кылмыш кодексинде жашашы диплом сатып алган жана диссертацияларды «уурдап» алышкан юридикалык илимдердин «докторлорунун» сиӊирген эмгегине таандык. Тилекке жараша, илимий-академиялык чөйрөдөгү  «уурулуктарды» заманбап технологиялар менен оӊой эле билип алса болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү