Кыргыз Республикасында сотторду кайрадан тандоону жүргүзүү үчүн дагы бир далил

Макаланы жазган: Нурбек Токтакунов 

Жогорку Соттун судьясы  Качыке Эсенканов актоочу өкүмдөр болушу керек эмес деген билдирүүнү Жогорку Кеӊеште айтты.

Муну менен сот жогорку соттогулар чындыгында ушундай ойлонушаарын айгинеледи. Жогорку сотто отургандар прокурорлор менен тергөөчүлөрдө башынан бери эле бекем чындык бар деген ишеним менен иштерди карап чечим чыгарышат окшойт. Ошол укук коргоо органдарынын баштарындагы бекем чындык ушунчалык таштай катуу жана чытырман токойдой чаташып кеткендигинен адамдын күнөлүү эместиги боюнча келтирилген далилдер, сот отурумдарындагы бузулган мыйзамдар, камактагы кыйноолор алардын баш сөөгүнө жеткени менен аӊ сезимине жетпей жарым жолдо чачырап кетип атат. Эгерде прокурор менен тергөөчүнүн абийирдүүлүгү талашсыз чындык болсо анда соттолуучунун күнөөлүү экендигинде шек жок турбайбы.

Акталган өкүмдөрдүн эӊ төмөн статистикасы (козголгон жүз кылмыш ишине бир эле актоо өкүмү) жемкорлук (коррупция) менен күрөшкөн мамлекет башчысынын багытына байланышпай жатат го. Эгерде 99 % прокурорлор менен тергөөчүлөр таптаза болсо анда жемкорлук (коррупция) каяктан чыгып атат? Мүмкүн Сооронбай Жээнбеков бул убаракерчиликти бекер баштап алды? Ой, койгулачы, милиция менен прокурорлорго болгон элдин тырнактын учундагыдай аз ишеними президент тандап алган багыт экендигинин далили.  Мындай соттор турганда жемкорлук (коррупция) менен күрөшө албайсыӊ. Буларыӊ бир эле саясий куугунтук кылууга гана жарайт. Качыке Эсенкановтун билдирүүсү бардык сот системасын кайрадан карап, сотторду кайрадан тандоо керектигин дагы бир жолу далилдеди.

Ой-пикир кошуу

кирүү