Соттолгондор жалкоолонбошу үчүн

КРнын Өкмөтү жатак абактардын ишмердигин ыӊгайлаштыруу үчүн аларды жоюп салууну көздөп жатат. Мындай сунуштун токтом долбоору Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы атайын жүргүзгөн анализдин жыйынтыгынан улам мындай чечимге келген. Анда бир нече жатак абактарды бөлүк-бөлүгү менен ылайыкташтыруу жана кайрадан түзүү керек экендиги белгиленген.   

Сөз №35чи (Бишкек ш.), №37чи (Сокулук районундагы Ново-Павловка айылы)  жана №48чи (Аламүдүн районундагы Молдовановка айылы) жатак абактары жөнүндө болуп жатат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы балким бул жатак абактарды бекер тандабагандыр, анткени, көрсөтүлгөн түзөтүү мекемелери башка абактарга салыштырмалуу аймагынын аздыгы жана инфраструктурасынын жоктугу менен айырмаланат. Бул абактарда өндүрүштү өнүктүрүү жана соттолгондорду жумуш менен камсыз кылуу кыйынга турат.Андыктан, жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ушул түзөтүү мекемелерин жоюну сунуштап жатып, соттолгондорду жумуш менен камсыз кылууну, өндүрүштү жакшыртууну,ошондой эле жатак абактарга кеткен каражатты ылайыкташтырып сарптоону көздөөдө. 

Жаза аткаруу мекемеси жатак абактар жайгашкан аймакты имараттары менен кошо башка түзөтүүчү мекемелерге өткөрүп берүүнү көздөйт.Мындан улам ал абактарды кармоого кеткен каражаттар кыскараары анык, ошондой эле кызматкерлер да кыскарат. 

Бул абактарда белгиленген иш жүгүнүн 50 пайызы гана иштеши түзөтүү мекемелерин жоюнун дагы бир себептери болуп эсептелет. Ушул жатак абактардагы жаза өтөгөндөрдү болсо эмгек менен камсыз кылуу жагы жакшы өнүккөн башка мекемелерге которушат. 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, жоюлуп башка түзөтүү мекемелерине өткөрүлүп берилген абактарда жаӊы өндүрүш жайларын түзүү менен эскилерин кеӊейтүү үчүн инвестор тартууну көздөгөнүн белгилеп кетүү зарыл. Мындай аракеттер соттолгондорду эмгек менен камсыз кылуу жагын  күчөтөт жана абакка кесилгендердин коомго көнүп аралашып кетишине өбөлгө түзөт. Тилекке каршы, жаза аткаруу мамлекеттик кызматы берген тактама-негиздемеде үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсептери жазылган эмес.

Cүрөт: ru.vzglyadriv.kg

Ой-пикир кошуу

кирүү