Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Муратбек Туӊгишбаевдин камакка алынганы боюнча арызды Жогорку Сот үстүбүздөгү жылдын 13-июнь күнү 11 саат 45 мүнөттө карай турганын адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.
«Чет элдик мамлекеттин саясий кызыкчылыктарынан улам Кыргызстандын мыйзамдары бузулуп камакка алынган жаранды эркиндикке чыгарып биздин сот системабыз өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтө ала турган дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат»- деп жазат Нурбек Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн өздүк баракчасына.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү УКМК кызматкерлери казакстандык активист Муратбек Туӊгишбаевди жашаган жеринен кармап камакка алган. Бүгүнкү күндө ал № 1-тергөө абагында отурат.
Казак бийлиги Муратбек Туӊгишбаевди «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын колдогон деп күнөөлөп жатат. Бул уюм коӊшу өлкөдө экстремисттик деп табылган.
Cүрөт: Галым Агелеуов
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]