Өндүрүш Токтонасыров М.Туңгишбаевди колдоп пикетке чыкты

Бүгүн Өндүрүш Токтонасыров Жогорку соттун алдына пикетке чыкты. Ал казакстандык активист Мурат Туңгишбаевди өткөрүп бербөөнү талап кылды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 10-майда камалган казакстандык блогер Муратбек Туӊгишбаевди колдоп пикетке чыкты. Ал Тунгишбаевди казак бийлигине өткөрүп бербөө талабы менен чыкканын айтты. 

«Туӊгишбаевди бербейбиз» деген жазууну көтөрүп Жогорку Соттун алдына ак майкачан чыккан Өнүдүрүш Токтонасыров «Ак майка Мурат Туӊгишбаевди көкүрөгүбүз менен коргоп калабыз дегенди билдирет» – деп түшүндүрдү. «Демократия менен адам укугун биз жогорку баалуулук катары санашыбыз керек. Бул баалуулуктар кыргыз жараны менен катар башка өлкөнүн жарандарына да тиешелүү. Биздин өлкөгө адилеттүүлүк менен акыйкат издеп келген чет элдиктер үчүн өзгөчө маанилуүү» деди Өндүрүш Токтонасыров. Анын айтымында, эгерде Кыргызстан Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп берсе, анда мындан ары өз өлкөсүндө куугунтукта жүргөн жаран Кыргызстанга ишенип баш коргоп келбей калат. 

Буга чейин, акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын Башкы прокуратурасынын Муратбек Туӊгишбаевди өткөрүп берүү боюнча талабын аткарбоого чакырып КРнын Башкы прокуратурасына кайрылган эле.

Үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү УКМК кызматкерлери тарабынан казакстандык активист Муратбек Туӊгишбаев кармалып, камакка киргизилген. Аны «Казакстандын демократиялык тандоосу» саясий кыймылынын мүчөсү катары казак бийлиги куугунтукка алып келгени маалым. Алмата сотунун токтомунун негизинде биздин укук коргоо органдары Туӊгишбаевдин үйүндө  тинтүү жүргүзүшкөн.

28-май күнү Бишкек шаардык соту Муратбек Туӊгишбаевдин баш коргоо чарасы боюнча Биринчи Май  райондук сотунун камакка алуу чечимин күчүндө калтырып койгон. Эртеӊ 13-июнь күнү Жогрку Сотто Муратбек Туӊгишбаевдин баш коргоо чарасы боюнча соттук отуруму болушу күтүлүүдө.

 

Автор видео и фото: Мухит Мамытов

Ой-пикир кошуу

кирүү