Садыр Жапаров Жогорку соттун чечими менен абакта калды

Бүгүн 13-июнь күнү Жогорку сот Садыр Жапаровтун иши боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды

Садыр Жапаровтун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун көзөмөл иретинде карап берүүсүн суранып жазган доо арызын Жогорку Сот үстүбүздөгү жылдын 29-май күнү карап баштаган. Андан бери сот отуруму 3 жолу жылдырлып отуруп, бугун 13-июнь күнү өкүм чыкты.

Садыр Жапаровко 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу митингди уюштурган деген айып тагылып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деген күнөө менен кармалган. Өткөн 2017-жылдын 2-августунда Биринчи май райондук соту кылмыш-жаза кодексинин башка беренелери боюнча актаганы менен 227-берененин негизинде күнөлүү деп 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип жиберген болчу. Ошол эле жылдын 17-сентябрь күнү Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровко чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.  

Садыр Жапаров соттор чыгарган мындай чечимге макул эместигин билдирип, бийликтин куугунтугу катары баалап келет.

Сүрөт: Азаттык Үналгысы

Ой-пикир кошуу

кирүү