Бүгүн, 18-июнда Кыргызстандагы Казак элчилигинин алдында нааразычылык акция өттү

Бүгүн эртеӊ менен саат 10:00до Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразычылык акция болуп өттү. Пикетке Кыргызстандын бир нече жарандык активисттери менен Казакстандан келген өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар, казак блогери,жакында кыргызстандык укук коргоо органдары тарабынан кармалып,камакта отурган Муратбек Туӊгишбаевди Казакстанга өткөрүп бербөө талабы менен чыгышканы маалым болду. Акциянын катышуучуларынын арасында Кыргызстандык белгилүү укук коргоочулар Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров жана Муратбек Туӊгишбаевдин апасы менен өмүрлүк жары да бар. 

Акциянын катышуучусу Рита Карасартованын айтымында казак блогери Муратбек Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп бербеш керек. “Муратбек Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп бербөө бул бир гана Кыргызстанга же Казакстанга гана тиешелүү маселе эмес. Бул эки мамлекетке теӊ тиешеси бар окуя.Ошондуктан эки өлкө теӊ укуктуу мамлекет болууга кадам таштоонун жолун издеш керек”-дейт укук коргоочу. Нааразычылык талаптары менен келгендерге казак элчилигинин өкүлү чыгып, чогулгандардын маселесине кызыкпай, акция өткөрүүнүн мыйзамдуулугу боюнча терс пикирин билдиргени маалым болду. “Казакстанда мындай акциялар алдын ала айтылып, аны өткөрүүгө уруксат алыныш керек”-деп кесе сүйлөп кайра элчиликке кирип кетти”- дейт Рита Карасартова. Казак элчилигинин өкүлүнө укук коргоочу “Кыргызстанда мындай акциялар эркин жүргүзүлөт. Чоӊ митингдер гана алдын ал эскертилип, уруксат алынат”-деп түшүндүргөнүн айтты. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Казак элчилигинин алдында бир сааттан ашык убакыт туруп, тарап кетишти. Рита Карасартованын айтымында ушундай эле нааразычылык акциясы эртеӊ 19-июнь күнү Муратбек Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп берүү токтомун чыгарган Башкы прокуратуранын имаратынын алдында уланат.

Эскерте кетсек, Муратбек Туӊгишбаев үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү кыргыстандык укук коргоо органдары тарабынан кармалып, үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.Буга чейин Муратбек Туӊгишбаевдин баш коргоо чарасы боюнча иш Жогорку Сотко чейин жетип, үч соттук инстанция теӊ камакка алуу чечимин ырастаган. Муратбек Туӊгишбаевдин адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында эртеӊ Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаеванын Муратбек Туӊгишбаевди казак тарапка өткөрүп берүү боюнча токтомун жокко чыгаруу суранычы менен жазылган арыз каралат.

Акция перед Посольством Казахстана с требованием прекратить преследование Мурат Тунгишбаев

Опубликовано Адилем Турдукуловым 17 июня 2018 г.

Ой-пикир кошуу

кирүү