Жогорку Кеӊеш УКМКнын үстүнөн парламенттик көзөмөл жүргүзүш керек

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда «Достук» мейманканасында болуп өткөн коомдук угуулардын катышуучулары Жогорку Кеӊеш УКМКнын үстүнөн парламенттик көзөмөл жүргүзүш керек деген бирдиктүү чечимге келишти.

Иш чаранын катышуучулары Жогорку Кеӊеште УКМКны көзөмөлдөөчү атайын адистештирилген комитетти түзүү боюнча депутат Исхак Масалиевдин мыйзам демилгесин колдошту.

«Атайын кызматтар менен кошо коопсуздук секторун парламент көзөмөлдөш үчүн демократия белгилүү бир деӊгээлге «өсүп» жетилиш керек деген жалган ишеним тараган. Чындыгында баары тескерисинче:парламент атайын кызматтарды  жеткликтүү деӊгээлде көзөмөлдөй албаса демократия орнобойт».

Валерий Радчев, Болгария. Борбордук Азия эксперттеринин жолугушуусу, 2018-жылдын 27-апрели. Бишкек, Кыргызстан.

Ар бир мамлекетте улуттук коопсуздук органдары керек жана алардын болушу абдан маанилүү. Кыргыз Рсепубликасында УКМК өзү коркунучтун булагы болуп баратат. Нормативдик укук базасынын анализинде 2000-жылдан тарта УКМКнын ыйгарым укуктары эбегейсиз кеӊейип, улуттук коопсуздукка тиешелүү эмес функцияларды да өзүнө камтып алган.

УКМК президентке түздөн түз баш ийген органга айланып калган. Президенттин полициялык функцияны аткарган структурасы жок болсо эле ал УКМКнын полициялык укуктарын кеӊейтип баштайт. Депутаттар өз коопсуздугун ойлоп УКМКны сындай алышпайт. Анткени УКМК Жогорку Кеӊештин азыркы чакырылышындагы (2016-2020-жылдардагы) 8 депутатка, ошондой эле мурунку чакырылыштагы (2011-2015-жылдардагы) 14 депутатка кылмыш ишин козгогон.  Жыйынтыгында, УКМК бийликтин башка бутактарын саясий жактан басынткан чоӊ куралга айланган. Бул, чектөө функциялары менен карама-каршылыктар принцибин бузгандык болуп эсептелет. Ошол коомдук угууларда Жогорку Кеӊештин мурунку төрагасы Медеткан Шеримкулов «Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын УКМКнын курамына киргизилиши конститутцияга туура келбейт. Бул маселе тез арада чечилиш керек»-деп айтты. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан көпчүлүк жарандар жабыр тартышты. Ал кайгылуу окуялардын бир бул- медициналык академиянын аппаратынын жетекчиси А.Гапаровтун өлүмү.

Эксперт Кеӊеш Сайназаров өз докладында 2016-жылы шашылыш түрдө бүкүлү боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр олуттуу кесепеттерге алып келгенин жазат.Бул өзгөртүүлөр терроризм менен күрөшүүдө эч кандай жардам бербеди деп эсептешет эксперттер. Мисалы, социалдык тармактарда бирөөнүн жазганына «жакты» деген баскычты басып койгону үчүн эмгек мигранттары, ашпозчулар менен идиш жууп оокат кылган жөнөкөй жарандар темир тор артына камалышкан.

Адвокат Акин Токталиев ушул коомдук угууларда динчил жарандардын талкаланган тагдыры жөнүндө жазган китебин көрсөттү. Алар мыйзамдарга киргизилген жаӊы беренелерден жабыр тартып, көпчүлүгү кыйноолорду башынан өткөрүшкөн. Исхак Масалиевтин айтымында мыйзамдар менен корголгон мамлекеттик сырлар бар үчүн улуттук коопсуздук органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Ошондуктан, бардык өлкөлөрдө парламент коопсуздук органынын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт. Ал эми коомчулук болсо парламент менен өз ара аракетенүү аркылуу атайын кызматтардын ишмердигин көзөмөлдөөгө катыша алат.  

Коомдук угуулардын катышуучулары Исхак Масалиевдин УКМКнын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү боюнча Жогорку Кеӊеште атайын комитет түзүү боюнча мыйзам демилгесин колдошту.Ошондой эле алар мыйзамдуулукту анализдөө жана демилгени колдонуу практикасында эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү