Бүгүн 20-июнда Жогорку Кеӊештин алдына эл чогулду

Жогорку Кеӊештин алдына укук коргоочулар жана жарандык активисттер чогулуп, камактагы Муратбек Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп бербөө талабы менен чыгышканын айтышты. Митинг учурунда Туӊгишбаевдин апасы Президент С.Жээнбековко кайрылды.

Жогорку Кеӊештин алдына келгендердин арасында белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова жана Өндүрүш Токтонасыров да бар. Кыргызстандын жарандык активисттери менен кошо пикетке Казакстандан келген өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү да чыгышкан. Чогулгандар азыр камакта жаткан Муратбек Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп бербөө талабын айтышты.

Бул пикетте Муратбек Туӊгишбаевдин апасы Бактыбол Туӊгишбаева Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековко кайрылуу жасады. Анда көз жашын төккөн эне Муратбек жалгыз уулу экенин айтып,эгерде кыргыз бийлиги баласын казак тарапка өткөрүп бере турган болсо сөзсүз кыйноо боло турганын билдирип каӊырыгы түтөдү.

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында Муратбектин ден-соолугу күндөн күнгө начарлап жатат. “Муратбектин сол көзүнө тезинен операция жасалыш керек экен. Аны дарылоо мүмкүнчүлүгү берилбей жатыптыр.Апасы айласы кеткенде президентке кайрылам деп чечти. Энени көз жашы төгүлбөш керек. Биз Муратбектин апасы Бактыбол энени колдоп келдик”-деди укук коргоочу.

Рита Карасартованын айтымында пикеттин соӊунда президент С.Жээнбековдун аппаратынан эч ким чыкпагандыгына байланыштуу Бактыбол Туӊгиншбаеванын кайрылуусун президенттин кабылдамасына берип тарап кетишкен.    

Эскерте кетсек, Муратбек Туӊгишбаев үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү кыргыстандык укук коргоо органдары тарабынан кармалып, үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.Буга чейин Муратбек Туӊгишбаевдин баш коргоо чарасы боюнча иш Жогорку Сотко чейин жетип, үч соттук инстанция теӊ камакка алуу чечимин ырастаган. Муратбек Туӊгишбаевдин адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында кечээ Октябрь райондук сотунда Туӊгишбаевди казак тарапка өткөрүп берүү боюнча алгачкы отурум болуп өттү.

Ой-пикир кошуу

кирүү