Эртеӊ, 26-июнь күнү «Достук» мейманканасында камактагы Муратбек Туӊгишбаевдин ишине арналган тегерек стол болуп өтмөкчү

«Муратбек Туӊгишбаевдин иши Кыргызстанда демократиянын бар экендигин текшерүүчү жагдай» аттуу тегерек стол эртеӊ 26-июнь күнү саат 10:00дө, «Достук» мейманканасында сөз эркиндигин коргоо комитети тарабынан уюштурулууда. Ага жарандык активисттер, укук коргоочулар жана бул маселеге кайдыгер карабаган жарандардын катышуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Үстүбүздөгү жылдын 10- май күнү Муратбек Туӊгишбаев кыргыз күч органдары тарабынан кармалып, аны сот 2 айга камак алуу чечимин чыгарган. 21-май күнү Башкы Прокуратура Казакстандык кесиптештеринин суроосуна жооп берип Казак Республикасынын жараны Муратбек Тунгишбаевди кылмыш жазасына тартуу үчүн аларга өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомун кабыл алган. Казак сотунун токтомунда Тунгишбаевдин баш коргоо чарасы боюнча сырттан санкция киргизилген жана кыргызстандык соттун аны камакка алуу боюнча токтомунда Тунгишбаев өзүнүн иш аракеттери менен Казак Республикасынын кылмыш кодексиинин 266-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жазага тартылыш керек.Бирок, мындай берене Кыргыз Республикаснын кылмыш кодексинде каралган эмес дешет Туӊгишбаевдин жактоочулары.

Сөз эркиндигин коргоо комитети тараткан маалыматта Туӊгишбаевди кылмыш куугунтугу боюнча кысымга алуу бул саясий куугунтуктун уландысы деп жазылат. Ал Жанөзөндөгү окуяны социалдык тармактарда таратканы үчүн казак бийлиги тарабынан куугунтукталып келет. Туӊгишбаев ошол окуя боюнча өзүнүн сын-пикирин билдиргени үчүн кысымга алынууда.Ошондой эле Туӊгишбаев Казакстанда атуулдук укуктарды пайдалануу жана эркиндикке байланышкан маселелерди камтыган тренингтерди өткөрүп келген белгилүү блогер катары таанымал.

“Эгерде Кыргызстан Туӊгишбаевди казак бийлигине өткөрүп бере турган болсо, мындан ары дүйнө жүзүндө ким демокртияга умтулуп, эркиндик үчүн күрөшкөн болсо анда Кыргызстанга баш калкалоо маселеси менен кайрылбай койсо деле болот”-деп сөз эркиндигин коргоо комитети билдирди. “Андыктан, биздин өлөдөгү демократияга кайдыгер карабасаӊыз, кеч боло электе Туӊгишбаевти колдогонуӊузду билдириш үчүн бирдиктүү ой-пикирди айтууга чакырабыз”-деп сөз эркиндигин коргоо комитети чакырык таштаган. 

Бүгүн 25-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Муратбек Туӊгишбаевдин соту уланууда.

Cүрөт: Kloop

Ой-пикир кошуу

кирүү