Кыргыз бийлиги М.Туӊгишбаевди Казакстанга өткөрүп бербеш керек

«Кыргыз бийлиги М.Туӊгишбаевди Казакстанга өткөрүп бербеш керек» – деп эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдирди

Бул уюмдун пикиринде Муратбек Туӊгишбаев өз мекени болгон Казакстанда саясий себептер менен сот кысымына алынып, ырайымсыз мамилелерге тушугат жана катуу кыйноолорго кабылат. Бул туурасында 24.kg  маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Казакстан көп жылдардан бери сын-пикир айткан, диссиденттик көз караштагы жарандарды сүйлөтпөй,оозун жаап келет»- дейт HRW тын Европа жана Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Ритман. Ал өз сөзүндө «Кыргыз бийлиги Муратбек Туӊгишбаевди Казакстанга өткөрүп бербей,коргош керек»-деп айтты.

Кыргызстандык укук коргоочулар мамлекеттик миграция кызматы Муратбек Туӊгишбаев менен жолугуш үчүн УКМК уруксат бериш керек деп билдиришти. Анткени, буга чейин УКМКга берилген өтүнүч катта Муратбек Туӊгишбаевке качкын статусун берүү маселеси жазылган. Туӊгишбаевдин баш калкалоо маселеси боюнча жазган маселеси каралмайынча Кыргызстан эч бир шартта аны казак бийлигине өткөрүп бербеш керек деп эсептешет укук коргоочулар.

«Камактагы Муратбек Туӊгишбаевке миграция органдары кире албаганы өтө өкүнүчтүү жана коркунуч туудурат.Артынан болгон куугунтуктарды эске алганда Туӊгишбаев баш калкалоо боюнча талап кылууга толук укугу бар. Мында Кыргызстан Туӊгишбаевдин өтүнүчүн каттоого алып, аны толук карап чыгууга милдетүү»-дейт Мира Ритман. 

Муратбек Туӊгишбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин билдирүүсүндө 2018-жылдын 20-июнь күнү Муратбек Туӊгишбаев отурган №1-СИЗОго буга чейин анын көзүнө операция жасаган көз микрохирургиясы ооруканасынын дарыгери Марина Мухина киргизилген. Дарыгер берген тактамада «көзгө операция жасалган соӊ аны санитардык-гигиеналык шарттарда караш керек,болбосо эндофтальмиттин өрчүп кетишинен көз көрбөй калышы мүмкүн»-деп жазылат. Ошондой эле дарыгер Туӊгишбаев отурган жайда санитардык-гигиеналык шарттар начар деп билдирген. Муратбек Туӊгишбаевди көруп чыккан дарыгер Марина Мухина сыркоолууну тез арада жүрөк дарыгерине көрсөтүш керектигин айтып, операция болгон сол көзү эмдөөгө муктажа жана аны атайын окуудан өктөн дарыгер гана эмдей алат деп билдирди. Көз дарыгеринин тактамасына ылайык Туӊгишбаевдин жактоочулары №1-СИЗОнун жетекчилигине Туӊгишбаевди №47-абагына тез арада которуу маселеси менен кайрылышкан. Замир Жоошевдин айтымында азрынча эч кандай жооп келе элек. Ошондой эле мамлекеттик миграция кызматынын УКМКга болгон кайрылуусу да азырынча жоопсуз калууда.

Сүрөт: www.centralasian.org

Ой-пикир кошуу

кирүү