Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукту алдын алуу аракеттери

Бүгүн 26-июнь күнү Бишкектин мейманканаларынын биринде кыз ала качуу, аялдар үстүнөн болгон зомбулук маселесине арналган чоӊ конференция болуп өттү

“Кыргыз Республикасындагы гендердик зомбулукту алдын алуу” долбоорунун алкагында буга чейинки жүргүзүлгөн иш-чаралардан чогултулган видео тартууланды. Анда, республика аймагында милиция кызматкерлери арасында өткөрүлгөн даярдоо семинарлары менен кошо тренингтер чагылдырылган. Конференцияга өлкөбүздүн бардык район-шаарларындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен кошо жетекчилер да чакырылган.

Конференциянын жүрүшүндө бир ай мурун Кара-Балтадагы ички иштер бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бурулай жөнүндө кеп болду. Кыз ала качуу кылмыш экени айтылып, бул багытта  ар бир милиция кызматкери өз ишин  профессионалдык деӊгээлде аткарышы керектиги белгиленди. ИИМдин бул маселе боюнча системдүү иш алып барып жаткандыгын айгинелеген видео менен кошо кеӊири отчету угулду. Аймактардан келген милиция жетекчилери бул маселени коомчулукка жеткирүүдө массалык маалымат каражаттарын пайдаланып, анын ичинен кинотасмаларда ала качууну даназалаган окуялар баяндалбашы керек деген пикирлерин айтты.

Албетте, зордук-зомбулук маселелеринде социалдык көйгөй биринчи орунда турат. Бул жаатта да атайын тартылган видеофильм көрсөтүлдү. Анда апасы эмгек мигранты болуп алыска кеткен кызы сырдаша турган жакын адам жок өз өмүрүн кыюга ниеттенгени сүрөттөлөт. Фильм өзүн өзү өлтүрүү эмес, тескерисинче жакшы саамалыктар менен аяктаган. Жылдар өтүп, баягы апасын сагынган кыз балалыкта кыялданган дарыгер кесибине ээ болуп, ал эми эжесин өлүмдөн алып калган иниси эрезеге жетип милицияда кызмат кылат. Бардык эле тагдырлар ушинтип жакшылык менен аяктабаганы белгилүү.

Конфенциянын жүрүшүндө атайын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу фильмдери көрсөтүлдү. Чоӊ жолугушуунун соӊунда Ички Иштер Министрлигинин Академиясынын курсанттары даярдаган кичи спектакль көрсөтүлдү.Ал чыгарманын өзөгүн үй-бүлөлүк зомбулук түзүп, аны токтотууга болгон аракеттер чагылдырылды.      

Ой-пикир кошуу

кирүү