Энелер өлүмүн канткенде кыскарта алабыз?

Кечээ Бишкекке республика аймагынан жоон топ дарыгерлер чогулуп, “Энелер өлүмүн канткенде кыскартса болот?”- деген суроонун тегерегинде талкуу жүргүзүштү. Ак халатчандардын бул жолугушуусуна көптөгөн акушерлер жана гинекологдор чакырылган.

Энелер өлүмүн кыскартуу маселесине өкмөттүк эмес уюмдар, кош бойлуулук жана төрөт боюнча кызматтардын адистери, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да кошулуп, ал боюнча аткарыла турган иш-чаралардын кадамдарын сүйлөштү.

Энелер өлүмүнүн статистикасы акыркы мезгилде көбөйүп кеткендигин дарыгерлер өздөрү жашырбайт. Балалуу болгусу келген көпчүлүк кыз-келиндер өз ооруларын жашырып, дарыгерлерге катталбай, ооруканага жатып дарылангандан баш тартышат.

Статистика боюнча 2014-2015-жылдары Кыргызстанда боюнда бар 45 эне көз жумган. Анын ичинде экөөсү эпилепсия оорусу бар экендигин жашырган. Курсактагы балага терс таасирин тийгизет деп эпилепсия учурунда титирек басканга каршы дарыларды албаш үчүн оорусун жашырып, жыйынтыгында ушул эки эне өз үйүндө каза болгон. Боюнда бар 5 аял ооруканага оор абалда жеткирилген, алардын үчөөндө кургак учук оорусу бар экендиги жана экөө эпилепсия менен ооругандыгы аныкталган.Бөйрөк жана жүрөк оорулары менен ооруган 5 аял мурда боюнан алдыргандыгына байланыштуу дарыгерлер боюнан алдыруу сунушун дагы айтат деп боюнда бар экендигин жашырып жүрүп,акыры оор абалда ооруканага жеткирилишкен. Айрым энелер өз ден-соолугунун абалынын оордугун сезбестен дарыгерлерди укпай, ооруканага жатуудан баш тартып коюшат.

Бул статистикалар жана энелер өлүмү болуп өткөн окуялардан алынып, дарыгерлер чогулган чоӊ семинарда жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун калкты тейлөө тармагынын фонду жана Германия техникалык кызматташтыгы менен биргеликте ушул иш-чараны уюштуруп, анын алкагында Кыргызстандагы энелердин ден-соолугун чыӊдоо боюнча алгылыктуу пикирлер айтылды.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү энелер өлүмүн азайтууда эл арасында, анын ичинде эмгек мигранттарына ден-соолукка кам көрүү боюнча маалыматтарды таратуу керектигин айтышты. Бул багытта атайын аймактарга пресс-турлар уюштурулуп, жергиликтуу телекомпаниялар менен гезит жана маалымат агенттиктердин журналисттери да маалымат кампаниясына кошулуш керектиги белгиленди. Саламаттык сактоо министрлиги коомчулукка, айрыкча журналисттерге эне өлүмү болгон учурда  эч нерсени жашырбай, ачык-айкын айтып берсе талаш-тартыш маселелери жаралбай, маселе сот аркылуу чечишүүгө чейин барбастыгын эскертишти. Айтылган сунуштар эске алынса журналисттер да дарыгерлер менен кошо эл арасында жүрүп, ден-соолукка кам көрүү боюнча маалымат таратышат.  

Ой-пикир кошуу

кирүү