ЖК төрагасы Дастан Жумабеков: «Кемчиликтерди мойнума алам. Жагымсыз угулса кечирим сурайм»

«Боюнча эмес, неге дайыма моюнча деп сүйлөйсүз»- деп берген журналисттердин суроосуна Жогорку Кеӊештин төрагасы «туура сүйлөгөнгө аракет кылам, баланын тили кандай чыкса ошол диалектиде сүйлөп калат экен.Жагымсыз угулса кечирим сурайм»-деп жөнөкөйлүгүн көрсөтүп тамашалуу жооп берди.

Бүгүн, 29-июнь күнү Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастан Жумабеков массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрүп, ыӊгайсыз суроолорго жооп берди. Анда, кабыл алынып жаткан мыйзамдардан баштап, алардын айрымдары акылга сыйбаган, элге керек эмес мыйзам экендиги, ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча чуулгандуу иштерге депутаттардын да кириптер болгону, ушул маселе жана башка бийликке керектүү суроолордо демилгеленген мыйзам долбоорлор коомдук угууларга коюлбай жаткандыгы,жыйындар залында добуш берүүгө катышпаган депутаттардын ордуна башкалар добуш берген учурлардын көбөйүп кеткендигине чейинки көптөгөн күрч суроолор берилди.

Камактагы саясатчылар туурасындагы суроого спикер «Менин бир эле позициям бар. Мыйзамдын алдында Кыргызстандын бардык жарандары бирдей болуш керек. Биз ошондо гана өнүгөбүз»-деп жооп берди. Бала-чакасын багыш үчүн чет өлкөлөргө кетип жатышкан эмгек мигранттарынын Кыргызстанда калган балдарынын үстүнөн зордук-зомбулук көбөйгөнүнө күйгөн милициядагы жаш балдар менен иштешкен инспекторлор багууга алып калган туугандары мыйзамдын негизинде расмий түрдө жаш балдарды камкордукка алуусу жазылган мыйзам долбоорун демилгелегени тургандыгы айтылды. Эгер мындай мыйзам долбоор депутаттарга келсе Дастан Жумабеков өзү баш болуп бул демилгени колдоорун айтып, кароосуз калып кеткен балдарга зомбулук көрсөтүлгөн учурда кимди жоопкерчиликке тартуу маселеси белгилүү болмок дейт. Тышкы карызды төлөө боюнча каражат чогултуу демилгесин ушул Жогорку Кеӊештин депутаттары биринчилерден болуп көтөрүштү.

Жогорку Кеӊештин 2017-жылдын 1-сентябрынан 2018-жылдын 1-июнуна чейинки алып барган ишинде 124 мыйзам кабыл алынып, анын 108ине президент кол койгон. Жыл башынан бери  615 токтом кабыл алынып, Жогорку Кеӊештин ишинин натыйжалуулугун арттырууга маанилүү көмөкчү болгон жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары  менен тыгыз  иш алып барылганын спикер баса белгиледи. Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында төрага Өкмөттүн, Улуттук банктын, Эсеп палатасынын жана Башкы прокуратуранын отчеттору угулганын айтып,айрым маселер боюнча Жогорку Кеӊеш кескин чечимдерге барганын белгиледи. «Сапар Исаковтун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө, мурунку Башкы прокурорду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу жана коомчулукта ызы-чуу жараткан ЖЭБ (ТЭЦ) маселелерине  Парламент өзүнүн саясий баасын берди»- дейт Дастан Жумабеков. 1-июльдан баштап депутаттар 2 айга жайкы каникулга тарашты. Алтынчы чакырылыштын депутаттары кезектеги сессияга 1-сентябрь күнү чогулушмакчы.

Видео Kyrgyz Azattyk Ynalgy алынды

Cүрөт: ЖК Басма сөз кызматы

Ой-пикир кошуу

кирүү