Мамлекеттик органдардын мураска калышы

Precedentinfoго Facebook социалдык тармагынын пайдалануучусу Чыӊгыз Карымшаков жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын алдындагы жер жана турак жай комиссияларынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү суроо менен кайрылыптыр.  

Суроо:

1.“ Жарандардан, юридикалык мекеме-ишканалардан жана коомдордон түшкөн арыз-даттануулары боюнча токтом чыгарган Жергилктүү өзүн өзү башкаруу органдарынын (облустук жана райондук маанидеги шаар мэриялары) алдындагы жер жана турак жай боюнча түзүлгөн комиссиялары кандай укуктарга ээ?

Көпчүлүк протоколдордо прокуратура органдары ушул комиссиялардын чечимдерин жокко чыгарат. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн жер жана турак жай боюнча комиссиянын тигил же бул чечимдери мэрия тарабынан бекитилсе да прокурорлор сотко ал чечимди жокко чыгарып берүү өтүнүчү менен көп кайрылышат.

2. Турак жай жана жер комиссиясы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын мурда чыгарган протоколдук чечимдерин жокко чыгара алабы? Мындай көрүнүш облустук жана райондук маанидеги шаарлардагы жоюлуп кеткен айыл өкмөттөрүндө көп катталып жатат. Мурда айыл өкмөтү болгон азыркы мэриялар мурдагы айыл өкмөтүнө тиешелүү расмий документтерге ээ боло алабы?”.  

Жооп:

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдагы жободон келип чыккан жана бул органдын белгилүү бир түрүнө көз каранды (мэрия, айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеӊештер). Комиссиялар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын белгилүү бир милдетин аткаруу үчүн түзүлөт. Бул комиссиялардын милдеттери менен ыйгарым укуктары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын нормативдик документтеринде көрсөтүлгөн.  

Жогорку юридикалык күчү бар көзөмөлдөөчү орган катары прокуратуранын нормативдик укуктук актыларга каршы келген башка актыларга каршылык көрсөтүү укугу бар.

Мыйзамдуулук бузулган учурда аны оӊдоону талап кылган көрсөтмө да бере алат. Прокурор талап кылган  актыларга жооп берилбесе же бекитилген мөөнөттө ал маселе каралбаса анда прокурор бул актыларды жокко чыгарып берүү арызы менен сотко кайрыла алат. Мамлекеттик органдардын мураска калуусу боюнча суроого «туура» деп жооп беребиз. Эгерде айыл өкмөтү шаар статусун алып жоюлган болсо анда ошол мэрия айыл өкмөттүн мурасчысы болот. Жаӊы түзүлгөн мэрия мурунку айыл өкмөт убагындагы кабыл алган өз чечимдерин жокко чыгара алат. Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын чечимдерин сот аркылуу жокко чыгарса болот.     

Ой-пикир кошуу

кирүү