Наргиза Раджапованын ишин Жогорку сот 18-июльга жылдырды

Бүгүн 9-июль күнү Жогорку Сотто милициялар бөтөлкө менен зордуктап кыйнаган Наргиза Раджапованын үстүнөн «Алдамчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин кароо боюнча соттук отурум болду. Раджапова өзү билдиргендей бул «алдамчылык» беренени Ош шаардык Ички Иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны аесуз зордуктаганын коомчулукка ачыктаганда атайын уюштуруп козгошкон.

Эскерте кетсек, Наргиза Раджапованы, күйөөсүн жана инисин 2017-жылдын март айында өз машинесинде өлүк табылган милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө айыптап кармап, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн зордуктап кыйнашкан. 

Опубликовано Altysha Lv Воскресенье, 8 июля 2018 г.

Наргиза Раджапова. Ош шаарынын тургуну

Наргиза Раджапованын ишин Жогорку соттун судъясы Кеӊешбек Токтомамбетов төрагалык кылган соттук коллегия карап жатат. Буга чейин Раджапованын үстүнөн козголгон кылмыш ишти башка соттордон турган коллегия караган болчу. Алар Бокоев, Камчыбеков жана Акыевтер эле дейт Раджапованын жактоочусу Нурланбек Капаров. Белгилүү болгондой бир жума мурун Башкы прокуратура Жогорку соттун ушул судъяларына кылмыш ишин козгогон. Алар Бокоев, Камчыбеков жана Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенкановтор. Бүгүнкү сот отурумда төрагалык кылган Кеӊешбек Токтомамбетов прокурордун жабырлануучу Айбек Абдуллаевдин сот отурумуна сөзсүз катышуусу керектигин айткан  өтүнүчүн канааттандырды. Жыйынтыгында соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 18-июлуна жылдырылды. Раджапованын жактоочусу Нурланбек Капаровтун айтымында Жогорку сот ушуну менен үчүнчү процессти башка күнгө жылдырууда. Анткени, Оштон Бишкекке сот процессине улам келип-кетүү кыйын дешет соттук отурумдун катышуучулары.

Эскерте кетсек, бир жыл мурун «Алдамчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде Ош шаардык соту Наргиза Раджаповага карата актоо өкүмүн чыгарган. Ал эми Ош облустук сотунун судъялары өз чечими менен Раджапованы күнөлүү деп таап, компенсация катары акча каражатын жабырлануучуга төлөп берсин деген чечим чыгарган. Жогорку сот бул ишти үчүнчү жолу башка күнгө жылдырды.

Ой-пикир кошуу

кирүү