Социалдык тармактарда жазылган посттор: моралдык жана юридикалык жоопкерчилик

Медиа эксперт Гульнура Торалиева

Бүгүн мен социалдык трамактардын пайдалануучулары жөнүндөгү курч маселени көтөргүм келди. Биз алардын моралдык жана юридикалык жоопкерчилиги жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Күн сайын социалдык тармактардагы «келишпестиктерди» байкайбыз, ал талкуулар сейрек учурда гана жакшы каалоо-тилектер менен аяктайт.Жарандардын көпчүлүгү бири-бирин басынтып, шылдыӊдап, жалган маалымат таратуу менен алектенишет. Коом өз-пикирин билдирген социалдык тармактардын кыргыз тилдүү бөлүгүндө аябай ачуулу, кыжырдангандар көбүнесе фейк аккаунттардан көп өлчөмдөгү  жалган маалыматтарды таратышат.

Менин байкашымча, алган маалыматынын дареги, жада калса өзүнүн көз карашын билдирген редакциялык саясаты жана расмий аталышы жок жалаӊ  жалган кабарларды тараткан массалык маалымат каражаттарынын катарын толуктамыш болгон ММКлар көбөйдү. Артында,негизгиси колунда эч нерсеси жок ал «басылмалар» бир гана ушул социалдык тармактарда гана иш жүргүзүшөт.  Кыргызстандагы социалдык тармактар коомдогу негизги маселелерди талкуулай турган негизги аянт катары саналат жана социалдык байланыштарды колдоодо натыйжа көрсөткөн курал катары эсептелет.

Тилекке каршыбы же тескерисинче ага жарашабы, айтоор, туура же жалган маалымат таратса да социалдык тармактар коомчулукка кабар жеткиргени менен элдин пикирин түзө турган аянтчага айланып калды. Социалдык тармактарда такай чыр-чатактар көп болот. Мында учурда алар дароо эле бири-бирин басмырлап, каралоого өтүп алышат. Тигил же бул ою үчүн бат эле жек көрүп, айрымдары элдешкис душманга айланат.

Адамдарды расага, улутка, диндик көз карашы боюнча бөлгөндү бири-бирине ачык эле душмандыкка өтүү деп айтат. Ошондой эле, жыныстык белгилери боюнча кемсинтүү, чет жактан келгендерди басмырлоо, адамдын сексуалдык табитин шылдыӊдоо сыяктуу душмандык кылууну таратуу, көбүртүп жайылтуу, чагымчылдык кылып же актап кою да бул жек көрүүгө кирет.

ММКлардын көпчүлүгү жана маалымат таратуучу булак катары саналып калган бүгүнкү социалдык тармактардын пайдалануучулары да теӊчиликти жана кемсинтпеген жакшы мамилени даӊазалоо боюнча моралдык жоопкерчиликке ээ болушат. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда социалдык тармактардын пайдалануучулары жайылтылып жаткан жалган маалыматтарды текшербей эле тарата беришет. Этиканы сактабай, тигил же бул темага байланышкан талкууда душманчылыкка баргандан кайра тартышпайт.

Бул учурда социалдык тармактардын пайдалануучулары эч кандай жоопкерчилик тартпайм деп эсептешет. Бирок андай эмес.

Башка коомдук аянтчалардай эле социалдык тармактардын да өзүнүн чеги бар.

Башка бирөөнүн намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жаранды жарандык жоопкерчиликке тартса болот.  Жоопкерчилик ченеми ар түрдүү болушу мүмкүн: жөнөкөй эле, маалыматты төгүнгө чыгаруудан баштап кеткен чыгымдарды төлөп берүү жана келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу. Мында, ММК беттеринде кадыр-баркына шек келтирдиби, эл алдында шылдыӊга алдыбы же социалдык тармакта кемсинттиби айырмасы жок. Баари бир жоопкерчилиги бар.

Эгерде социалдык тармактардын пайдалануучусунун жазгандарында  террористтик же экстремисттик ишмердикти жактырган сөздөрдү эл алдында чыгып айтса же интернет желесин пайдаланып колдосо,анда 10 миӊ сом өлчөмүндөгү айып пулга жыгылып, администравтидик жоопкерчиликке тартылат.   

Эл алдында колдоо деген бул- көпчүлүк эл алдында террористтик жана экстремисттик маанайдагы ой-пикирлерди суктануу менен мактап-жактайт дегенди түшүнүш керек.  Эгерде ушундай административдик жоопкерчиликке тартылган жаран бир жыл ичинде ачык колдогонун дагы бир жолу кайталаса анда ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Эгерде соцтармактардын пайдалануучусунун жазгандары террористтик ишмердикти жасоого чакырса, анда аны 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратат. Ошону менен бирге ал 3 жылга чейин айрым бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат.

Ушундай эле жаза терроризмди актап жактыргандар үчүн берилет. Тагыраагы, эгерде терроризмдин идеологиясы менен иш жүзүнө ашышын туура деп эсептеп, аны колдоо менен туураш керек деп жактыргандар үчүн да ушундай жаза каралган.  

Акыркы учурларда социалдык тармактардын пайдалануучуларынын жазгандарынан улуттук жана диний көз караштагы талаш-тартыштардан улам чыккан жаӊжалдарды көп байкоого болот. Адамдар улуттук(этникалар аралык),уруу урууга бөлүнүү,диний көз караштар жана аймактар аралык жаӊжалды козутканы үчүн, улуттун кадырына шек келтиргени, жарандардын динге болгон артыкчылык же тескерисинче жийиркенген мамилесин ачык жарыяласа темир тор артына жөнөтүлөт. Бул козутуулары үчүн 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Заманбап технологиялардын өнүгүшү жана социалдык тармактардын көбөйүшү менен анын ар бир пайдалануучусу маалымат чыгаруучу жана аны таратуучу болуп эсептелет. Мындан, ал жаранга моралдык жоопкерчилик менен кошо юридикалык жоопкерчилик да жүктөлөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү