Жогорку Кеӊештин алдында дагы нааразычылык акциясы өтүп жатат

Бүгүн 10-июль күнү Жогорку Кеӊештин алдына жашы 80 ден ашкан карылар чындык издеп чогулушту. Көп жылдан бери акыйкатка жетпей жүргөн бир нече карылар бийликтин көӊүл бөлүүсүн талап кылып чыгышты.

Опубликовано Altysha Lv Понедельник, 9 июля 2018 г.

Көз жашка толгон муӊдарын айтканы келген карылардын бирөөсү баласын милиция кызматкерлери басынтып,кыйнаганын айтып арызданса,экинчиси алдыртып жиберген жер тилкесин кайра кайтара албай көп жылдардан бери адилеттүүлүккө жетпей жүргөнүн ыйлап билдирди. Бул карылардын баарын кайгы менен аргасыздык бириктирип турат. Алардын айтымында милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн акыйкатсыз мамиле менен бири-бирине жөнөтүп айдаган чиновниктерден тажап аргасыздан президентке даттанууга келишкен. Карыларга бийликтин ордуна милиция кызматкерлери чыгып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып бараарын айтышты. Алардын арасында атайын формасы жок УКМК кызматкерлери да жүрдү. Нааразычылык акцияга чыккан карылар бийликтен эч ким чыкпаса ачкачылык жарыялап Жогорку Кеӊештин алдында наарачылык акцияны уланта тургандарын айтышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү