Эс алуучу жайларда велосипед тебүүгө уруксат бербөө мыйзамсыз!

Cүрөт: Pixabay

Асанбай эс алуучу жайдын кароолчулары велосипед, роликтерди, скейтборд менен самокат тебүүчүлөргө уруксат бербей, айып пул салганы туурасындагы маалымат жакында эле интернет айдыӊында тарады.

Биз бул жагдай канчалык мыйзамдуу экенин иликтедик.

Парк – бул коомдук эс алуучу жай. Паркта жарандар жөө жүрсө да велосипед, самокат да тепсе боло турган ээн-эркин эс ала турган жай.

Роликтер, скейтборд жана самокаттар: АЛАРДЫ ТЕБҮҮДӨ АЙЫП ПУЛ САЛЫНБАЙТ ЖАНА ЭЧ БИР ЖЕРДЕ УРУКСАТ БЕРБЕГЕН ЭРЕЖЕ ЖАЗЫЛГАН ЭМЕС.

Велосипед тебүүчүлөр үчүнчү?

Айрым өлкөлөрдө атайын велосипед тээп жүрүүчү жолдор бар: атайын алар үчүн бөлүнгөн жайларда жана велосипед тебүүчүлөрдүн тилкесинде велосипед тепкендер эч кимге жолтоо болбой тээп жүрө алышат. Тилекке каршы, Кыргызстанда велосипед тепкен жарандар үчүн мындай иш-чаралар көрүлгөн эмес.

КРнын мыйзамдарына ылайык велосипед тепкендер унаа каражатын (велосипед) башкарган айдоочу катары саналат.

Жол кыймылынын эрежеси боюнча парктарда велосипед тепсе болобу?

Жол кыймылынын эрежесинде велосипед жүрө турган жол турса велосипед тепкен жарандарга жолдо тебүүгө тыю салынат.

«Чоӊ жол — бул унаа каражаттары (транспортные средства) жүрө турганга ылайыкталган жер тилкеси. Жолдун бир же бир нече жүрүүчү жактары жана багыттары болот. Ошондой эле жолдо трамвай жолу, жол чекесиндеги жөө жүргүнчүлөр баскан кичине жол(тротуар), атайын бөлүнгөн тилкелер бар. 

 «Велосипедде жүрүү кыймылына тыю салынат» деген 3.9 белгиси жол кыймылынын эрежелериндеги  тыю салчу белги болуп саналат.

Эгерде мындай белги парктарда же башка коомдук жайларда орнотулган болсо анда велосипед тебүүгө тыю салынат. Бирок, мындай белгилер өз каалаганындай эмес, мыйзамдарга ылайык илиниши шарт.

Жогоруда белгиленгендей Асанбай паркынын кайтаруучуларынын тыю салышы мыйзамсыз.

Ой-пикир кошуу

кирүү