Кайсы жайларда сүрөт (фото), видео тасмага тартуу уруксат берилет жана кайсы жерлерде тыю салынат?

Cүрөт: Pixabay

Авторлор: Медиа эксперт Гульнура Торалиева

Адвокат Замир Жоошев

Медиа сабаттуулук бүгүнкү күндө баарына керек. Социалдык тармактардын бардык пайдалануучулары, күн сайын көбөйүп жаткан билидрүү (мессенджер)  жазгандар, кааласа-каалабаса да медиа контент жасап чыгаруучулар болуп калышты.

Социалдык тармактарды пайдалануучулар мамлекеттик органдардагы же өкмөттүк эмес уюмдардагы кандайдыр бир мыйзам же эреже бузуулар жөнүндө айтууда түз эфир аянтчасын байма-бай колдонуп калышты. Биз өзүбүздүн көрүүчүлөр жана угуучуларыбыз үчүн смартфонго тартылган сүрөт же тасманын жардамы менен  түрдүү окуяларды күн сайын айтып беребиз. Бүгүнкү блогумда Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кайсы жерди сүрөткө тартып, ал эми кайсы жайды тасмага тартпаш керектиги жөнүндө сөз кылабыз.

Мамлекеттик же жеке менчик мекеме-ишканалардын имараттарынын жанында жаӊы эле сүрөткө түшүп же тасмага тартып жаткан болсоӊуз формачан кызматкер келип тасмага тартууну токтотууну талап кылган учурлар көп эле болсо керек. Бул тыю салуулардын көпчүлүгү мыйзамсыз.

«Мыйзам менен тыю салынбаган нерсеге, демек, уруксат берилет» деген жалпы коом билген принцип бар. Эми, министрликтердин, сот имараттарынын, укук коргоо органдарынын жанында жана ичинде, ооруканаларда, воказалдарда, дүкөн менен кафе-ресторандарда жана клубдарда жана башка ушул сыяктуу жайларда сүрөткө түшүп, тасмага тартууга мыйзам тыю салбайт. Андыктан,мыйзам тыю салган жайлар менен буюмдардан сырткары сүрөткө тартып, ал имараттардын ичинде сүрөткө түшүп, видеокамерага баарын тарта берсе болот.  

Биздин мамлекетте төмөнкү учурларда сүрөткө түшүрүүгө же тасмага тартууга тыю салынат же өзгөчө эрежелер:

  1. Кылмыш иши боюнча сот отуруму учурунда сүрөткө түшүрүү же тасмага тартуу иш боюнча төрагалык кылган судьянын уруксаты же болбосо тараптардын макулдашуусу менен жүргүзүлөт.  (КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 254-беренеси,5-бөлүгү) 
  2. Жарандык жана административдик иштер боюнча соттук отурумду киного жана сүрөткө, тасмага тартуу, ошондой эле түз эфирде телерадиого обого чыгуу соттун чечими менен гана уруксат берилет. (КРнын жарандык-процессуалдык кодекстин 13-беренесинин 2-бөлүгү, административдик-процессуалдык кодекстин 13-беренесинин 2-бөлүгү).
  3. Абактарды сүрөткө же видеого тартууда ошол абакты кайтарган жана алардын коопсуздугу үчүн жооп берген органдын жетекчилигинин кат жүзүндө берген уруксатынын негизинде гана жүргүзсө болот.(КРнын кылмыш-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү);
  4. Абакта отургандарды киного, сүрөткө же тасмага тартууда администрация башчыларынын жана абакта отургандардын өздөрүнүн уруксаты менен тартыш керек. (КРНын кылмыш-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү);
  5. Жаза аткаруу жана кылмыш-жаза мыйзамында каралган мажбурлоо чаралары мекемелеринде алардын коопсуздугун камсыз кылуучу кино, фото, видео тасмаларды даярдоодо айтылган мекемелердин администрация  жетекчилеринин уруксаты менен ишке ашырылат.(КРнын кылмыш-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 4-бөлүгү);
  6. Жогорку Кеӊештин жабык отурумдары учурунда сүрөт жана тасма тартуу жабдыктарын колдонууга тыю салынат (КРнын «Жогорку Кеӊештин Регламенти жөнүндөгү» 36-беренесинин 5-бөлүгү);
  7. Коммерциялык, жеке, дарыгердин  жана башка жашыруун сыры бар объектилерди ал имарат тиешелүү болгон ээсинин уруксаты менен сүрөткө түшүрүп, тасмага тартып алса болот. Сыр катары айтылбаган маалымат корголот, ошондуктан адам ага кире албайт. Катардагы жарандардын колу жетип көзү көрүп турган нерсеси жашыруун сыр эмес. 
  8. Адамды коомдо белгилүү болгон учурда гана андан уруксат сурабай эле сүрөткө тартса болот. (КРнын жарандык кодексинин 19- беренеси);
  9. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасындагы жөө жүрүүчү, унаа өтүүчү жана темир жол каттамынын режимин сактоо эрежелерине» ылайык мамлекеттик чегарадагы өткөрмө пункттарында жана ага жакын аймактарды сүрөткө түшүрүүгө же тасмага тартууга Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын уруксатысыз тыю салынат.

Өткөрмө пункту деген эмне?

Мамлекеттик чегараны кесип өтүүдөгү өткөрмө пункту – бул темир жол вокзалынын, эл аралык каттамдар жүргүзүлгөн аэропорттун, аэродромдун айланасындагы аймактар. Ошондой эле мамлекеттик чегаранын жанындагы мамлекеттик көзөмөл менен текшерүү жүргүзүлгөн жана мамлекеттик чегараны кесип өткөн жарандар менен унаа каражттарын текшерип каттачу аймак. («КРнын мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү» мыйзамдын 1-беренеси).

Бул маалыматтарды тактоо үчүн Гульнура Торалиева төмөндө атайын сиздер үчүн жөнөкөй инфографика даярдаган.

Ой-пикир кошуу

кирүү