Каржы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмиль Жамгырчиев: «Премьер-Министр менен таеке-жээн эмесмин»

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчилиги 2018-жылдын жарым жылдык отчету менен журналисттерди тааныштырды

Алардын айтымында жарым жыл ичинде эле 3 миллиард 914 миллион сомдук 981 мыйзам бузуу фактысы катталган. Былтыркы жылкыга салыштырмалуу быйыл мамлекетке экономикалык жактан 1 миллиард 641 миллион сомго көп зыян келтирилген. Каржы полициясынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сагынбек Абдылдаевтин айтымында келтирилген зыянга карабай мамлекетке  2 миллиард 387 миллион сом олчомундогу каражат кайтарылган. «Тергөө бөлүмү тарабынан 920 ыкчам материалдар каралып, анын 715ине кылмыш иши козголгон. Ошондой эле биз берген 238 материалдар боюнча башка мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иштери козголду. Алты ай ичинде 344 салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүп,2 миллиард 122 миллион сом салык төктүрүлдү. 1 миллиард 124 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаты мамлекеттик бюджетке түштү»-деп билдирди Сагынбек Абдылдаев.

Салтка айланып калгандай каржычылардын отчетунан соӊ журналисттер суроо беришти. Көпчүлүктү каржы полициясынын жетекчисинин орун басары Эмиль Жамгырчиевтин таржымалы кызыктырды. Автобиографиясына өзүнө дагы эки жаш кошуп алгандыгын сураган журналисттерди кайра өздөрүн күнөөлөп, «өзүӊөр тараткансыӊар,мага кызыксаӊар кадр кызматынан сурагыла»-деп жооп берди. Каржы полициясында болгону эки жыл гана иштеген Эмиль Жамгырчиев Премьер-Министр Абулгазиевтин тууганы экендиги интернет айдыӊында көп эле жазылып жүрөт. Бүгүн да ал маалыматты өзү тастыктагандай «Мен бул кызматка Премьер-Министрдин дайындоосу менен келгемин. Эмне үчүн бул кызматка дайындалгандыгым боюнча суроолорду Өкмөттүн аппаратына бериӊиздер»-деп жооп берди. ИИМдин академиясын аяктаган Жамгырчиев буга чейин ИИМдин системасында жана президенттин администрациясында иштегендигин эскертти. 2012-жылдын апрель айында каржы полициясына кызматкерлерди кабыл алуу үчүн атайын сынак жүргөн. Анда Эмиль Жамгырчиев милдетүү делген 100 баллга жетпей болгону 43 гана балл алып калган. Бул боюнча суроо жоопсуз калды.  

Ой-пикир кошуу

кирүү