Бишкек мэри кантип шайланчу жана шаардыктар өзү шайлаш үчүн кандай иш-чаралар жүрүшү керек?

Cүрөт: Азаттык Үналгысы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн Facebook аккаунтуна мына ушундай пост жазган.

“Бул эмне деген кадр саясаты? Өлкөбүздүн борборун качанга чейин бай-манап, көпөстөр башкарат? Паркты бузуп, стратегиялык обьекттин жанына мыйзам бузуу аркылуу үйлөрдү курган Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан дили менен күйөт? Коомчулукка жабык, Бакиевдердин жакын санаалашы экенин билебиз го. Шаар кеңешке шайланган башка деле партиялар, түзүгүрөөк талапкер алып чыккандан мынча коркосуңар? Шайлоочуларыңардын үнүн укпайсыңарбы? Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары, шаар кеңештеги кесиптештериме кайрылам, көпөстөрдү колдоодон баш тартыңыздар, урматтуу депутаттар, элдик пикир менен эсептешиңиздер! Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев мырза, талапкер сунуштоо укугу Сизде да бар, жок дегенде Бишкекке курулуш магнаты эмес, иштерман жана коомдук пикир жакшы болгон бирөөнү сунуштаңыз”.

Чындыгында, Албек Ибраимов камакка алынгандан бери акыркы бир жума  ичинде социалдык тармактарда түрдүү пикирлер менен кошо тиги же бул адамды жактап-мактаган, мамлекеттик кадр кызматында иштечүдөй болуп өзүнө жаккан инсанды сунуштагандар аябай көбөйүп кетти. Үстүртөн караганда бирөөнө жаккан экинчисине жакпай, эки жак болуп талашып-тартышып,кызыл чеке болуп урушкандарды да көрүп,окуп жатабыз. Ал эми бул учурда кандай жыйынтык болуш керек? Албетте, Кыргызстан демократиялуу өлкө болгондуктан ар бир иш-чаранын үстүндө бир гана мыйзам туруш керек.

Артка карап саресеп салып көрөлү. Кыргызстан көз карандысыздыкты 1991-жылы алып, Фрунзе Бишкек шаары деп аталып,27 жылдан бери борбор калааны 13 мэр башкарган.Акматбек Нанаевтин убагында Фрунзе Бишкек болуп өзгөргөн. Абдыбек Суталинов, Жумабек Ибраимов, Вице-Премьер-Министр болуп турган Борис Силаев да ушул Бишкек шаарынын мэринен Өкмөткө чоӊоюп барган. Феликс Кулов да өз убагында Бишкекти башкарып турган.Бир сыйра кылмыш иши козголуп сотто иши каралган Медетбек Керимкулов,”Дордой” империясынын ээси Аскар Салымбеков да мэр болуп иштешкен. Арстанбек Ногоев, азыр “аты ааламга жеткен” Данияр Усенов да Бишкекте мэр болушкан. Бүгүнкү күндө Азиз Суракматовду колдоп турган Нариман Түлеев да эки жыл мэр болуп,  аягында ал соттолуп, абакка кесилген. КСДП партиясынын белгилүү мүчөсү, Жогорку Кеӊештеги фракциянын лидери Иса Өмүркүлов да өз убагында шаарды башкарып кеткен. Атамбаевдин жакын адамы катары белгилүү болгон Кубанычбек Кулматов да мэрлик кызматта иштеген эле.

Кечээ камакка алынып, азыр иши тергөөдө жаткан Албек Ибраимов Бишкектн 14чү мэри болчу. Эми шайлана турган мэр 15чи башчысы болот. Ага азырынча жалгыз талапкер болгон Азиз Суракматовдун ысымы аталууда. Бул жаранды көпчүлүк шаардагы курулуш тармагын жетектеген инсан катары жактырышпагандыгын билдирүүдө.

Бишкек мэри буга чейин кандай шайланып келген? Мыйзам боюнча мэрди шайлоо ыкмасы кандайча жүргүзүлөт? Бул багытта биз “Прецедент” юридикалык компаниясынын юристи Эдиль Эралиевке бир нече суроолор менен кайрылдык.

 ПРЕЦЕДЕНТ юридикалык компаниясы

– Эдиль мырза айтсаӊыз,1991-жылдан тарта борбор калаанын мэрлери кантип шайланып келишкен?

-1991-жылдан бери Бишкек шаарынын мэрин шаардыктар эч качан өздөрү шайлашкан эмес. Буга чейин Бишкек шаардык кеӊешинин макулдугу менен Премьер-Министр сунуштаган талапкерди Президент кол коюп дайындап келген.Көз карандысыздык жылдары Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жөнүндөгү мыйзам 3 жолу өзгөртүлүп,ага эӊ аз дегенде 10 жолу өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген. Мэрди шайлоо жөнүндөгү жаӊы мыйзам күчүнө киргендиктен депутаттар мэрди 2002-жылдан тарта өз алдынча шайлап калышты. Ошондо гана “мэр” деген термин пайда болгон. Ага чейин шаар башчысы деп атап жүргөнбүз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары жашыруун добуш менен мэрди шайлашат. Ага талапкерлерди шаардык кеӊештеги депутаттык фракциялар жана Премьер-Министр гана көрсөтө алат. Жашыруун добушта жеӊишке жеткен талапкер мэрлик кызматка шайланат.

– Социалдык тармактарда эл өзү каалаган талапкерлерди көрсөтүп жатышат. Шаардыктар өздөрү шайласак деген пикирлери да аз эмес. Бишкек шаарынын тургундары өздөрү мэрди тандап шайлаш үчүн кандай иш-аракеттер болушу керек?

-Ал үчүн “жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилиш керек. Ал демилгени парламент депутаттары же Өкмөт көтөрүп чыкса анда өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоор болот. Же болбосо 10 миӊ адам кол коюп демилге көтөрөт. Ошол 10 миӊ адамдын колу мэрди өзү шайлап алууга жетиштүү болот.

Бишкек шаардык Мэриясынын имараты / Cүрөт: Sputnik

Бишкек калаанын мэринин кызматы талашка түшкөн убакта айрым массалык маалымат каражаттары шаар тургундарынын арасында сурамжылоо да жүргүзүп жиберишти. Ысымдары аталып жаткан талапкерлердин арасында аялдар да бар. Алардын бири азыркы Вице-Премьер-Министр айым Алтынай Өмүрбекова. Бирок, бүгүн буга чейин айтылып келген Алтынай Өмүрбекова жана Нариман Түлеевтер борбор калаага башчылык кылуудан баш тартышканы маалым болду.  

Ой-пикир кошуу

кирүү