Жаӊы өзгөртүүлөр менен толуктоолор эмне берет?

Сүрөт: Pixabay

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

“Кыргыз Республикасында текшерүүгө алынган наркотикалык каражаттар,психотроптук заттар жана прекурсорлор (заттар чогулуп бир наркотикалык затты түзөт) жөнүндөгү” Өкмөттүн №543-токтому 2007-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган. Андан бери ал токтомдордун айрым пункттарына кичине гана түзөтүүлөр киргизилгени менен олуттуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген эмес. Арадан 10 жылдан ашык убакыт өтүп, наркотикалык заттарды колдонуучулар менен кошо пайдаланчу заттардын курамы да өзгөрдү. Ал убакыт арасында синтетикалык наркотиктерди ойлоп тапкандар эбегейсиз байлык топтогонго да жетишти. Жалпы эле наркотикалык заттарды таратуунун негизги максаты бул – адамдын ден-соолугунун начарлап отуруп жок болуп кетишинен айрымдар акча жасап,баюну көздөшөт.

Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлиги жарандык коомдун активисттерин, наркотикалык заттардан жапа чеккен жарандар менен түздөн түз иш жүргүзүп келишкен өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн кошо чакырып, бангизаттын айынан темир тор артына адашып түшүп калган тагдырлар менен тааныш юрист-адвокаттар жана саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлери да катышкан атайын жумушчу топту түзүп, ушул токтомго  мезгилге ылайык өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү үчүн 2 жылдан бери иш жүргүзүп келишти. Бүгүн ал коомдук талкуулардын алкагында тегерек стол уюштурулуп,анда кенен талкуу жүрдү.

Тегерек стол

“Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондусунун юристи Улан Сейитбековдун айтымында бангизаттарын колдонуучулар үчүн Кыргызстанда метaдон программасына катышкандардын саны көбөйдү. Бул программанын негизги максаты жөнөкөй наркомандардын кылмышкерге айланып кетпешине шарт түзүү жана жардам берүү. Бангизатын колдонмоюнча тура албай калган тажрыйбалуу наркомандар уурулук же дагы башка оор кылмыштарга барбашы үчүн өзүнүн ден-соолугун башкара албай калган учурда ушул метaдон ыкмасына өтүшү шарт. Метaдон-бул медициналык багытта пайдаланчу баӊгизаты. Азырынча бул программа эл аралык уюумдар аркылуу каржыланууда.

Улан Сейитбеков, “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондусунун юристи

Улан Сейитбековтун айтымында “Кыргыз Республикасында текшерүүгө алынган наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор (заттар чогулуп бир наркотикалык затты түзөт) жөнүндөгү” Өкмөттүн токтомуна сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор буга чейинки жалпы түшүнүктөрдү майдалап кароого багытталган. Мисалы, буга чейин ал токтомдо баӊгиден табылган бардык дарылар канча көлөмдө болсо ошол көлөм эсептелип, ал адам камакка алынчу. Ошол заттар 1 граммдан ашса 3 жылга чейин абакка кесилип жазаланчу. Эми болсо, ошол дарылардын ичинен наркотикалык заттын гана көлөмү эсептелип, ага жараша жаза мөөнөтү ыйгарылат. Тажрыйбалуу наркомандын бир күндүк дозасы 1 грамм экени айтылат. Баӊгизатын пайдаланчу адам наркотикке медициналык дары-дармекти кошпой туруп пайдалана албайт. Мурда ошол кошумча дарылар да наркотикалык зат катары эсептелчү. Натыйжада наркомандардын саны көбөйгөнү аз келгенсип, түрмөгө отургандардын да саны алда канча өскөн. Жумушчу топ сунуш кылган өзгөртүүлөр ишке ашып калса, анда 1 граммга жетпеген наркотикалык зат үчүн адам административдик гана жазага тартылат.

Тегерек стол

“Наркотикалык заттар жөнүндөгү” Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн максаттарына буга чейинки көмүскөдө калып келген маселелердин баарын ачыкка чыгаруу кирет деп билдиришти тегерек столдун катышуучулары. Советтер Союз маалында жер өтмөктөрдө жашырынган наркомандар көӊүл сыртында калып келген. Бүгүнкү күндө аларды ачыкка алып чыгып, дарылоо, жардам берүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат деп билдиришти жолугушуунун уюштуруучулары.

Ой-пикир кошуу

кирүү