Кыргыз кызынын бүгүнкү күндөгү ролу жана орду

Бүгүн Индира Кубатбекованын коомдук кайрымдуулук фонду «Кыргыз кызынын бүгүнкү күндөгү орду жана ролу» аталышындагы тегерек стол уюштуруп, ага өлкөбүздүн белдүү айымдары менен кыздарын чакырды. Кыргыздын кыз тарбиялоо маданияты, тереӊ тамыр жайып кеткен салты аялдын укугун басынтат деп эсептейт Индира Кубатбекова. Аялдын укугунун бузулушу балдарын жана алардын укуктарын коргоо проблемасы менен тыгыз байланышта экени талашсыз. Акыркы жылдары коом өзү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көз жумуп,көӊүл бурбай келет. Аялдын үй-бүлөдөгү укугунун аесуз бузулушу коомчулуктун көз жаздымында калып келгендиги турмуш чындыгы.

Индира Кубатбекова

Ийри олтуруп түз кеӊешүү үчүн тегерек столго чогулгандар жарандык коомдун таза болушуна аракет кылуу жана жаш кыз-келиндердин укугу менен кызыкчылыктарын коргош керек деген ой-пикирлерин айтышты. «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова өз докладында үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктарга токтолуп, ала качуудан жабыркаган кыздар,айрым жаштардын адепсиз жүрүм-туруму,коомдогу жана ар бир үй-бүлөдөгү адеп-ахлак негиздерин бекемдөөнү айтып,салттуу маданияттын баалуулуктарын белгиледи. Тарыхый салттарда жана кыргыздын улуттук маданиятында кыздын ордун сүрөттөп берген Бүбүсара Рыскулова жашоодо алда канча тескери көрүнүштөр басымдуулук кылганын айтты.

Тегерек столдон сүрөттөр

Буга чейин көпчүлүк карыларга,жаштарга,жетимдерге жана аз камсыз болгон балалуу жаш келиндерге жардам колун сунуп,колдоп келген Индира Кубатбекова өз сөзүндө «Аз эмес эмгек кылдык,бирок, дагы көп кайрымдуулук кылышыбыз керек»-деп айтты. Өзү жаш болсо да азыртадан кайрымдуулук иштерин жашоосунун маӊызына айланткан Индира Кубатбекованы саясаттагы белгилүү айымдар Роза Жумаева, Жылдыз Жолдошевалар колдоп келишти.               

Ой-пикир кошуу

кирүү