Дарыгерлердин чыры уланууда

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Үстүбүздөгү жылдын 31-июль күнү Ленин райондук сотунда Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги №1-бейтапкананын мурунку жетекчиси Айдарбек Шакировтун үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум болду. 2017-жылдын ноябрь айында ушул бейтапканын 20дан ашык дарыгерлери Шакировту ай сайын ар бир кызматкерден 1000 сомдон себепсиз чогултат деп күнөөлөп, Ленин райондук прокуратурасына, УКМКга жана каржы полициясына арыз менен кайрылышкан.Ал арыздын негизинде иш козголуп сотко өткөрүлүп берилген. Айдарбек Шакиров ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ысымын көп айтып,анын атын жамынып бейтапкананы заманбапташтырамын деп көп өзгөрүүлөрдү жасаган. Ал кыймыл аракеттер көпчүлүккө жага бербей каршылык көрсөтүшкөн. Ошондо ар кандай себептер менен Айдарбек Шакиров 100дөн ашык кызматкерлерди жумуштан  айдаган дешет дарыгерлер. Бул жолку сот отурумунда болсо суралган үч жабырлануучу теӊ Шакиров ар бир кызматкерден ай сайын 1000 сомдон чогултуп жүргөнүн айтып беришти.

Cот отурумунан сүрөттөр

Ар бир дарыгер баш аягы 9 айда 9миӊ сом жөн эле чогултуп бергени маалым болду. А №1-бейтапкана Бишкектеги аймагы жагынан эӊ чоӊ жана эӊ көп сандаган Ленин районунун жашоочуларын тейлеген бейтапкана болуп саналат.Анда 480 ак халатчандар эмгектенишет. Былтыры ноябрь айынан бери көп жолу текшерүүлөр жүрүп, мыйзам бузуу фактылары табылган соӊ иш тергөөгө өткөн.Ал эми 2018-жылдын февраль айында 300гө жакын дарыгерлер саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгып, министр Батыралиевке Шакировту кызматтан алуу талабын коюшкан. Жыйынтыгында ошол эле күнү Айдарбек Шакиров №1-бейтапкананын директору кызматынан бошотулган.

Андан бери жарым жыл өтүп, биринчи соттук отурум 2018-жылдын 18-июль күнү болгон. Анда Ленин райондук сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулова 20 жабырлануучуну 5тен бөлүп чакырууну буюрган. Бул отурум расмий орус тилинде башталганы менен кийинчерээк тил маселеси түшүнбөстүктү жаратат деп эч ким ойлогон эмес. Гинеколог Нуржамал Керимбаева менен Аделя Дыйкановаларга суроолор орус тилинде берилип жатты. Кезек  хирургия бөлүмүнүн башчысы Иманалы Казыбаевке келгенде ал кыргыз тилинде жооп берип баштады. Бирок Шакирвдун адвокаты Таалай Саатов суралуучунун орус тилинде жооп берүүсүн талап кылды.Сот отурумунун катышуучулары ортосунда талаш орун алды.Судья Кадыркулова тергөө орус тилинде жүргөндүктөн сот отурумдары да расмий тилде жүрөт деген тыянак чыгарып,жабырлануучунун орус тилинде жооп берүүсүн талап кылды. Иманалы Казыбаев өзүнүн жарандык укугун коргоп “мамлекеттик тилде сүйлөйм”- дегенде судья котормочу чакырыш керектигин айтып,сот отурумун башка күнгө жылдыра тургандыгын билдирди. Жарым жылдан ашуун соттук териштирүүдөн чарчашкан дарыгерлер расмий тилде суракты улантууга макул болушту. Соттук отурумга келишкен 5 жабырлануучунун үчөөсүн гана сурап бүтөөрү менен судья Таалайкүл Кадыркулова процесс 2-августта уланаарын айтты.         

Ой-пикир кошуу

кирүү