Мэрди эл шайлаш керекпи?

Бүгүн «Биздин укук» коомдук фонду шаардыктардын катышуусунда атайын тегерек стол уюштуруп,анда Бишкек мэринин кызматына болгон жалгыз талапкерди шайлоону жокко чыгарууну талап кылышты.Тегерек столго баардык каалоочулар жана ой-пикирин билдиргиси келген шаардыктар катышты. Бул жолугушууга келгендердин дээрлик көпчүлүгү мэр болууга аттанган жалгыз талапкер Азиз Суракматовко каршы экендиктерин билдиришти. Кечээ мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырган Азиз Суракматовдун көп кабаттуу үйлөрдү курган бир нече курулуш компаниялары бар экенин массалык маалымат каражаттары жазып чыккан. «Елизавета» курулуш компаниясына тиешеси бар экенин Суракматов өзү «Азаттыкка» берген интервьюсунда тастыктаган.

Азиз Суракматов: “Елизаветага” тиешем бар

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов баш калаанын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объектилерди куруу менен алектенген “Елизавета” курулуш компаниясына тиешеси бар экенин кыргыз тилинен сынак тапшырып чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал бул компанияны атасы негиздегенин айтты.

Опубликовано Kyrgyz Azattyk Unalgysy Вторник, 31 июля 2018 г.

Тегерек столдун катышуучуларына буга чейин ошол курулуш компаниялардын мыйзамды бузуп курган турак жайлары туурасында даярдалган журналисттик иликтөөлөр көрсөтүлдү. «Биздин укук» коомдук фондусу шаар мэрлерин шайлоодо дүйнөлүк практикалардан мисалдарды келтирди. Саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандагы шаар мэрлерин шайлоонун тарыхына токтолуп, шаардык кеӊештин депутаттарынын милдеттерине мүнөздөмөсүн берди. «Биздин укук» коомдук фондусунун төрайымы Калича Умуралиева Кыргызстандагы жергиликтүү кеӊештерге болгон шайлоо процесстеринин көйгөйлөрүнө кенен токтолуп, ал проблемаларды чечүү жолдорун атады. Умуралиеванын айтымында мэрди шайлоодо шаар тургундары сөзсүз катышыш керек.

Тегерек столдун соӊунда талкууга катышкан шаардыктар өз ой-пикирлерин ортого салышып, мэрдик кызматка жалгыз талапкер эмес,көп болушу керектигин жана шаар тургундары тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарылдыгын белгилешти. Жолугушуунун соӊунда катышуучулар атайын резолюция кабыл алышты.  

6
3
1
5

Ой-пикир кошуу

кирүү