Адам укугун коргоо багытында маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин урматына «Улан-Улансын!» аталышындагы атайын сыйлыгы жарыяланды

Макаланы жазган: Aлтынай Арстанбекова

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы 2018-жылдын жарым жылдык отчетун берди. Ага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылып, пресс-конференцияны эки жума мурун каза тапкан журналист-иликтөөчү Уланбек Эгизбаевди эскерүү мүнөтү менен башталды. Коомдук кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова уюмдун атынан ИИМ министрине кайрылып, белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча коомчулук жыйынтыктарды күтүп жатканын айтты. Ошондой эле КРнын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду Уланбек Эгизбаевдин жемкорлук боюнча иликтеген материалдарына өгөчө көӊүл бөлүп,тыкыр көзөмөлгө алып чара колдонуусун суранды. Өз кезегинде кыймыл тарабынан да жемкорлукка өзгөчө байкоо жүргүзүлө тургандыгы айтылды. 2018-жылы адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалында «Улан-Улансын» аталышындагы атайын сыйлык уюшулгандыгын жарыя кылышты.

 

 

 

 

 

Өткөн 2017-жылды укук коргоочулар да,журналисттер да адам укугу жана эркиндиги үчүн эӊ кыйын жыл болду деп эсептешет. Анткени, телеканалдар жабылып,Кыргызстанда иштеген эл аралык журналисттер менен укук коргоочулар өлкөдөн чыгарылды,ошондой эле Кыргызстанга чет элдиктер киргизилген жок. Төлөкан Исмаилованын айтымында өткөн жылы массалык маалымат каражттарын, журналисттерди жана укук коргоочуларды соттоо иштери башка жылдарга салыштырганда аябагандай көп болду.Пресс-конференциянын катышуучулары 180 өлкөнүн ичинен басма сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 98-орунда турганын белгилешти. “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук кыймылы 2018-жылы да аялдар лидерлигин жана гендердик теӊчиликти жылдырууну, тынчтык митингдерин чектөөнү жою, бала укуктарын сактоону күчөтүү, кыйноолорго каршы турууну, мигранттардын укуктарын жана эркиндигин коргоо жана БУУ берген сунуштарды аткаруу багытында көптөгөн иш-аракеттерди алып барат деп билдирди Төлөкан Исмаилова. 

Ой-пикир кошуу

кирүү