Дарыгерлердин соту башка күнгө жылдырылды

Макаланы жазган: Aлтынай Арстанбекова

2018-жылдын 18-июлунда соттук кароо башталган дарыгерлердин соту бүгүн болбой калды. Аны Ленин райондук сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулова прокурордун сотко келбегендиги менен түшүндүрдү. Эскерте кетсек, 2017-жылдын ноябрь айында Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги №1-бейтапкананын иштен айдалган 100дөн ашуун дарыгерлери директор Айдарбек Шакировтун үстүнөн арыз жазып прокуратурага, УКМКга жана каржы полициясына кайрылышкан. Анын негизинде бейтапканада текшерүүлөр жүрүп, каржылык мыйзам бузуулар табылгандыктан тергөө дайындалган. Учурда иш сотко өткөрүлүп берилип, бүгүн сот отурум төртүнчү жолу болмок эле. Прокурордун соттук кароого келбей калган себеби айтылган жок.

Ленин районунун дээрлик баардык  жашоочуларын тейлеген №1-бейтапканада 500гө жакын кызматкер эмгектенет.Дарыгерлердин айтымында Шакиров иштеген бир жылга жетпеген убакыт ичинде 100дөн ашуун кызматкерлер белгисиз себептер менен иштен айдалган.Алардын ордуна Шакировтун туугандары,тааныштары жана достору кызматка алынып келген дешет ак халатчандар. Айдарбек Шакиров бейтапкананы заманбапташтырамын деген максатты көздөгөнү менен жөнү жок бөлмөлөрдү жылдыруу, дарыгерлердин иш бөлмөсүн алмаштыруу аракеттери жүргөн. Бейтапканага келген сыркоолуулар тарабынан да көп нааразычылыктар айтылып келген. Укук коргоо органдары текшерип иликтеген соӊ Шакировдун аракеттеринде кылмыштын белгилери бар деп табылып,иши сотко өткөн. Шакировтун адвокаты Таалай Саатовдун аракети менен Шакиров азыр үй камагына чыгарылган. Бүгүнкү күнгө бардык 20дан ашык жабырлануучулар толук сурала элек.

ЦСМ №1/ Radar.kg

Кечээ 1-августта №1-бейтапканада дагы бир ызы-чуу орун алды. Шакировко чейин иштеп кеткен мурунку директор Мурат Жумабеков соттон жеӊип, директорлук креслого отурам деп келгенин айтышты. Эске сала кетсек, Мурат Жумабеков туулган күнүндө бейтапкананын короосунда кой союп конок тосом деп иштен куулган.

Ой-пикир кошуу

кирүү