Кылмышка шектүү кармалганда жана камакка алынганда кантип чагылдырыш керек?

Медиаэксперт Гульнура Торалиева

Социалдык тармактардын кыргызча бөлүгү жана массалык маалымат каражаттары тараткан кабарларда кылмыш окуялары туурасында күн сайын айтылып, жазылат. Мындай кылмыш окуялары жөнүндөгү тема бардык жаӊылыктардын 60-70 пайызын түзөт. Ошол кылмыш окуясын чагылдырууда кармалган жарандардын аты-жөнүн ачыктоо негизги маселелердин бири болуп саналат. Бул жагдай жалгыз эле Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөлүк басма сөз кызматкерлерине кызык. Улуу Британияда бул маселени көбүнчө медиа коомчулук, жактоочулар, соттор жана укук коргоо түзүмүндөгүлөр көтөрүп чыгышат. Улуу Британиянын полициясы айып тагылганга чейин кармалгандар тууралуу маалымат таратууну массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө расмий тыю салганы калганда 2013чү жана 2016-жылдары чоӊ талкуу жүргөн. Ушул күнгө чейин журналисттер кармоо жана камакка алуу процесстеринин ачык жүрүшүн талап кылып, кармалгандар туурасындагы маалыматты жарыялоо мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшүп келет. Бирок, айрым журналисттер менен медиа эксперттер кылмышка шектүү деп кармалгандар ысымын жашырууга укугу бар деп эсептешет. Кээ бир укук коргоочулар менен жактоочулар кармалгандардын аты-жөнүн ачык жазууну жана сүрөттөрүн жайылтууну адамдын укугу бузулду деп аташат.Кылмышка шектуүлөрдүн атын жашырыш керек дегендер кармалгандардын ысымын ачыктап,сүрөттөрүн жайылтуу күнөөсүздүк кунарын (презумпция невиновности) бузуп жатат деп эсептешет (адилеттүүлүктүн баштапкы концепциясында адам күнөөсү далилденмейинче күнөлүү деп эсептелбейт жана шек жаратпайт деп айтылган).  

Кармалгандардын ысымын жашыруудагы дагы бир себеп бул анын жакындарын жана кармалгандын өзүн коргоону камсыз кылуу. Анткени, кармалган жаранга айып тагылбашы да мүмкүн. Улуу Британия өлкөсүндө мисалы, кармалган жаранды кепилдик (под залог)алуу менен полиция кое берген учурлар көп болот.Ошол кармалгандар айрым учурда эркиндикте көп жыл жүрүшү мүмкүн, бирок, аларга такыр эле айып тагылбай калышы ыктымал. Мындай учурда алардын эркиндикте жүргөнү жашоого чыдагыс болушу мүмкүн. Анткени, журналисттердин айынан полиция тарабынан алардын кармалгандыгы жөнүндө өз убагында кабар тарап кеткен эле да. Күч органдары тергөө иштеринин жүрүшүнө байланышкан далилдерди келтирип жатып, кармалгандардын ысымын ачыктоо башка кылмышкерлерди кармаганга жолтоо болот деген жүйөөлөрдү келтиришет. Полиция кармаган шектүүлөрдүн ысымын жана сүрөттөрүн ачыктоону жактагандар процесстердин ачык болушун жетекчиликке алышат. Ошондой эле күч органдарынын жумушунун ачыктыгын көрсөтүүнү  жана шектүү жарандардын ысымын жашыруу менен полиция айыбын угузбай, кармалгандарды ашыкча убакыт негизсиз кармайт деген талаптарын коюп келишет. Кимдин, кайсы жарандын элге коркунуч алып келүүсүн коом билиш керек деген жүйөө да далил катары айтылууда. Шектүүлөрдү ачыктоону каалагандар кармалгандардын аты-жөнү менен сүрөттөрүн ачык көрсөтүү коомдун кызыкчылыгы үчүн пайда деп эсептешет. Анткени, шектүүлөрдү ачык көрсөткөндө гана башка жабырлануучулардан кармалгандардын үстүнөн арыз түшкөн көп окуялар катталган.

Бүгүнкү күндө ушул маселеге байланышкан мыйзамдардын жана ой-пикирлердин көпчүлүгү айып тагылганга чейин кармалгандардын ысымын массалык маалымат каражаттарында ачыктабай турууну коргоо тарапта турат.Бирок, ага карабай эл аралык абройлуу ММКлар өзгөчө оор кылмышка шектелгендердин сүрөттөрүн көрсөтүп,ысымын ачык эле жарыялашат. Анткени,  кылмышка шектелип кармалгандар коомдо кенен резонанс жаратуучу жаӊылык болуп саналат. Ошол эле учурда ММКларда жабырлануучулардын, өзгөчө аёсуз зордукталгандардын жана жаш балдардын ысымдары кылдаттык менен атайын жашырылып айтылбайт. Эгерде күч органдары  кармалгандарды ачыктоого расмий тыю салса анда жарыялаган ММКлар юридикалык жоопкерчиликти тартышат. Jigsaw identification – деген түшүнүк бар. Бул- пазлдардан чогултуп аныктоо дегенди билдирет.Мисалы, бир басылма кармалган шектүүнүн ысымынын биринчи тамгалары менен жашын гана жазат. Ал эми башка журналист болсо кармалгандын иштеген жери жөнүндө маалымат таратат.Жыйынтыгында пазлдар чогулуп отуруп кылмышка шектүүнүн же жабырлануучунун ысымы жана ким экендигин билүү оӊой болуп калат. Бул учурда деле журналисттер канчалык кылдаттык сактабасын баари бир бардык массалык маалымат каражаттары юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылат. Мындай практика белгилүү инсандарга такыр эле тиешеси жок. Көрүнүктүү артисттер, актерлор, спорт жылдыздары, белдүү саясатчылар жана жогорку кызматтагы чиновниктердин белгилүүлүгү алар көтөргөн жүгү сыяктуу. Адам укугу бузулуп жатса да белгилүүлөрдүн жеке жашоосу, жашыруун сырлары көп корголбойт.

Кыргызстандагы  массалык маалымат каражаттарындагы контентти анализдеп отуруп, так редакциялык саясаты бар абройлуу басылмалар гана кармалгандар менен камакка алынгандарды чагылдырууда көп учурда этикалык принциптерди карманат деген алдын ала жыйынтыкка келесиӊ. Бирок,башкы темасында эле кармалгандарды айыптаган сөздөрдү жазган басылмаларда да бар. Бул учурда алар «кылмышка шектүү кармалды» деп да жызышпайт. Күнөөсүздүк кунары (презумпция невиновности) бузулуп, белгилүү инсандарга кирбеген жөнөкөй жарандар кармалганда айып тагылганга чейин ысымын ачыкка чыгарбоо да сакталбай келет.

Автордун пикири «Precedentinfo» рекдакциясынын оюна дал келбеши мүмкүн

Ой-пикир кошуу

кирүү