Бишкек шаарынын мэрлигине аттанган А.Суракматовко каршы акция болуп өттү

Азиз Суракматов / Фото: Пресс-служба Аппарата Президента КР

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Өкмөт үйүнүн имаратынын жанына эл чогулуп, Бишкек шаарынын мэрине аттанган Азиз Суракматовко каршы жарандык активисттер тарабынан акция уюштурулду

Акцияга чогулгандар Бишкек мэрине Азиз Суракматовду даярдап шайлайбыз деп жаткан Бишкек шаардык кеӊешиндеги партиялардын аталышы жазылган каракчыларды(чучело) көтөрүп алышкан. Чогулган активисттердин арасында белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров, Калича Умуралиева,Аманбол Бабакулов жана Мавлян Аскарбековтор бар. Жарандык активист Аманбол Бабакауловтун айтымында бул акция менен эл Азиз Суракматовко каршы экендигин,ананы талапкерлигин колдобой тургандыгын айтып,шаардык кеӊештердин депутаттарына эскертүү берип жатышат. “8-август күнү Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоп, мэр кылып шайлай турган болсо анда бүгүнкү даярдаган каракчыларды (чучело) өрттөйбүз”- деп билдирди Аманбол Бабакулов.

Опубликовано Altysha Lv Понедельник, 6 августа 2018 г.

Ой-пикир кошуу

кирүү