Жарандык активисттер дагы бир тегерек столго чогулушту

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бишкек шаарынын мэрин түздөн түз шаардын жашоочулары шайлаш керек деген талап коюлган дагы бир тегерек стол бүгүн Бишкекте болуп өттү

Жарандык активисттерди чогулткан бул жолку жолугушууну декмократия жана жарандык коом үчүн коалициясы ЮСАИД уюмунун жардамы астында өткөрдү. Бүгүнкү программа “Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууга болгон шайлоолор жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча коомдук угуулар” деп аталып ага жарандык коомдун өкүлдөрү, шаар тургундары катышып, Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн өкүлү менен КРнын президентинин Конституциялык палатасындагы өкүлү чакырылган.

 

Жогорку Кеӊештин депутаты Кенжебек Бокоев бул мыйзам долбоордун демилгечиси болуп саналат. Алгачкы сөз депутатка берилип, Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкарууга шайлоолордо эл өзү добуш берип шайлаш керек деп эсептейт. Бул үчүн конститутцияга кайрылышыбыз керек дейт. “Биздин укук” коомдук фондусунун жетекчиси Калича Умуралиева дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө шаар мэрлерин шайлоо практикасы боюнча атайын доклад жасады. Бул ой  боюнча өзүнүн каршы пикирин КРнын президентинин Конститутциялык палатадагы өкүлү Мирбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында мисал катары келтирилген бардык эле өлкөлөрдө шаар мэрлерин эл түз шайлабайт.

Саясатчы Кубатбек Байболов шаардык өзүн өзү башкаруунун өткөн чагына саресеп салып, Бишкектин келечегине да токтолду. Андан соӊ тегерек столдун катышуучулары ортосунда суроо жооптор болуп, түрдүү пикирлер айтылды. Бишкектин тургуну Юрий Андреевдин айтымында  “Зеленхоз” ишканасына аёсуз кыйылган бак-дарактар боюнча сүйлөшүүгө барышкан жарандык активисттерди кармап,аларды милиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармагандай аяган эмес. Кармалгандарды наркология бөлүмүнө алып барып текшергендигин айтты. Шаардагы “Жашылдар партиясынын” мүчөсүн 5 күнгө камап коюшкан. “Жаӊы муун” саясий кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Алмаз Кененбаевке кайрылып жатып “Азиз Суракматовду мэр кылып шайласаӊар элдин нааразычылыгын күчөтөсүӊөр”-деди.

 

Тегерек столго келгендердин баары бир сөздөн Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдобой тургандыгын билдиришип, мэрди эл шайлаш керек деген талапты коюшту. Саясатчы Равшан Жээнбеков шаардыктар кол коюп берген резолюцияны окуп берди.

Ой-пикир кошуу

кирүү