Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Бүгүн,8-август күнү Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары мэрлик кызматка жалгыз талапкер болгон Азиз Суракматовдун талапкерлигин шайлашмак эле.Эртеӊ менен депутаттар мэрия имаратындагы жыйындар залында Азиз Суракматовго добуш берип шайлап жатышкан маалда сыртта жарандык активисттер жана кайдыгер эмес шаар тургундары Суракматовко жана аны шайлаган депутаттарга каршы акция өткөрүштү. Акция катышуучулары колдоруна шаардык кеӊештеги партиялардын аталышы жазылган каракчылар(чучело) жана Суракматовдон мамлекеттик тил боюнча экзамен алган тил комиссиясынын мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү.
Эскерте кетсек, эки күн мурда 6-август күнү жарандык активисттер шаар тургундары менен Өкмөт үйүнүн жанына барып, ушул каракчыларды(чучело) көтөрүп Бишкек шаардык депутаттарынан Суракматовду мэр кылып шайлабашын айтып, эскертүү беришкен. Убада берилгендей эле бүгүн эртеӊ менен шаар тургундары Бишкек мэриясынын имаратынын алдына барып,тынчтык митингин өткөрүштү. Суракматовду шайлап жаткан депутаттарга байкоочу катары чогулгандардын арасынан 7 өкүл кирмекчи болгондо милиция кызматкперлери эшикти жаап,эч кимди киргизбей коюшту. Ошондо митинге чогулгандар колдоруна көтөрүп келген каракчыларды(чучело) жерге таштап,сүрөттөрдү жыртып ыргытып, Суракматовго да,аны мэрликке шайлаган шаардык кеӊештин депутаттарына да өз нааразычылыктарын билдиришти.
Эшиктеги реалдуу турмушка жана шаардыктардын нааразычылыгына карабай А.Суракматовду депутаттардын 99 пайызы «макул» деген добушун берип шайлашты.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]