«Электрондук сот өндүрүшү» ишке кирсе соттор чыгарган чечимдер менен өкүмдөр коомучулукка ачык болот

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

«Электрондук сот өндүрүшү» долбоорун ишке киргизгени турабыз»-деп билдиришти бүгүн,7-август күнү болуп өткөн пресс-конференцияда. Бул иш-чараны Жогорку соттун басма сөз кызматы уюштуруп, ага Евро биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун эксперттери да чакырылган.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана калкка сотттордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат таратуу максатында act.sot.kg интернет сайттары туруктуу иштеп жаткандыгын айтты. «Бул сайттарда азыр 100 000дин тегерегинде соттук актылар жарыяланган» – дейт Айнаш Токбаева.Анын айтымында бул соттук актылар чогулган чоӊ база менен судьялар, адвокаттар жана юристер гана эмес жөнөкөй жарандар менен кызыккан тараптар да ачык тааныша алышат.

Сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү максатында сот имараттарында жана соттук отурум залдарында орнотулган үн менен видео жазуу системасы боюнча иштер жүргүзүлүп жатканынан элдин кабары бар. Бирок, орнотулган видеокамералар азырынча аз эле сот иамараттарына коюлган. Алдыдагы 5 жылдын ичинде ушундай техника республика аймагындагы бардык сот имараттарына коюлат деп белгилешти бүгүнкү жолугушууда. Электрондук сот өндүрүшүн ишке киргизүү үчүн 1 миллиард 215 миллион сом керектелип,бул каражат донорлордон алынаары жана республикалык бюджеттен да бөлүнөөрү белгилүү болду. Пресс-конференцияга чакырылган журналисттер өздөрү кызыккан суроолорун беришти. Соттор кеӊешинин алдындагы тартип комиссиясы чыгарган чечимдер Жогорку сот түзгөн электрондук базага кирбей калышы мүмкүн. Анткени тартип комиссиясы чечимдерин базага киргизүүнү өзү чечет дейт Айнаш Токбаева.

Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого өбөлгө түзүп, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюп, сот системасынын ачык айкындуулугун камсыз кылаары белгилүү. Сот өндүрүшү коом үчүн ачык айкын болсо жемкорлукка бөгөт коюлуп,арыз берген жөнөкөй жарандар менен сотто иштегендердин ортосундагы «тыгыз» байланыштар жана тааныш-жердешчил мамилелер кичине болсо да азаймак дешет эксперттер.   

Ой-пикир кошуу

кирүү