Дарыгерлер Ленин райондук сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулованы ишти кароодон чететтүү маселесин көтөрүштү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бишкектеги Чүй-Фучик көчөлөрүндө жайгашкан №1-бейтапканасынын дарыгерлери жазган арыздын негизинде мурунку директор Айдарбек Шакировтун үстүнөн кылмыш иши козголгон. 22 дарыгер өз арызында Шакиров кызматка келген күндөн тарта аларды ай сайын миӊ сомдон төлөшүн талап кылганын жазышкан. Натыйжада бейтапкана кызматкерлери 2017-жылдын март айынан баштап ноябрга чейин 9 ай бою ар бири миӊ сомдон берип турушкан.

Тергөө учурунда да,эки айдан бери болуп жаткан сот отурумдарында да жабырлануучулар Шакиров ар бирин опузалап акча талап кылып, өзүнүн орун басарлары аркылуу чогулган акча каражатын алып жүргөндүгүн  бир сөздөн айтып берип келишет.

Сот отурум учурунда адвокаттар түрдүү суроолорду беришти. Албетте Шакировтун жактоочусу Таалай Саатов чагымчыл суроолорун аяган жок. Дарыгерлердин алган маянасы боюнча берилген суроого ак халатчандар айлык акы араӊ эле 5 миӊ сомдун тегерегинде экенин айтышты. Жабырлануучулардын баары тажрыйбалуу, көп жыл иштеген дарыгерлер.

Алардын айтымында акча берилбеген учурда Шакиров жумуштан кетирем деп коркуткан.

Өткөн сот отурумуна кыргызча же орус тилин түшүнбөгөн бир да чет элдик жаран катышпаса да судья Таалайкүл Кадыркулова отурум жалаӊ орус тилинде жүргүзүлүш керек деп кесе сүйлөгөн. Бүгүн да сот отуруму расмий орус тилинде жүргүзүлдү. Дарыгерлердин жактоочусу Анарбек Жакыпов ушул жана башка көптөгөн мыйзам бузууларды себеп катары жазып, судья Таалайкүл Кадыркулованы ишти кароодон чететтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул жагдайга байланыштуу судья Кадыркулова 20-август күнү бардык жабырлануучулардын катышуусу астында иштен четтетүү маселеси карала турганын айтып,сот отурумун жыйынтыктады.

Ой-пикир кошуу

кирүү