Кайрадан эле Бишкек шаарынын ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо жөнүндө

Автор: Нурбек Токтакунов

 «Электр станциялары» ачык акционердик коому 2018-жылдын 26-июнунда «Бишкек шаарынын ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо» долбоору боюнча сметалык документтерди даярдоого 13,6 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын корото тургандыгын билдирип тендер жарыялаганы туурасындагы маалыматты «Тазабек» маалымат агенттиги жазып чыккан. 

Бир жыл мурун «модернизацияланды» делип ишке киргизилген Бишкек ЖЭБине (ТЭЦ) сметалык документтерди бүгүнкү күндө даярдоонун кажети барбы? Эмнеге «Электр станциялары» ачык акционердик коому сметалык документтерди даярдоо үчүн тендерди 2018-жылы июнь айында жарыялап жатат? Бишкек ЖЭБи (ТЭЦ) былтыры эле жаӊыланды деп ишке киргизилди эле го?

Модернизацияланган ЖЭБди (ТЭЦ) Сооронбай Жээнбековтун өкмөтү 2017-жылдын 7-июлунда кабыл алган. Бишкек ЖЭБинин (ТЭЦ) модернизацияланган бөлүгүн кабыл алган ошондогу премьер-министр долбоорго ыраазы болгон. Анткени Өкмөт башчысы ЖЭБ (ТЭЦ) жаӊыланып жаткан бир жыл убакыттын ичинде мамлекеттик органдардын аракетин көзөмөлдөп турган жана модернизация иштери убактысынан мурда бүтүп жатканына сыймыктанган. 2016-жылдын 16-августунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков күз-кыш айларына даярдык боюнча селектордук жыйын өткөрүп жатып: “Кышында жылуулук берчү мезгилдин ийгиликтүү өтүшүнүн негизги фактору болуп Бишкек менен Оштогу ЖЭБдин (ТЭЦ) туруктуу иштеп беришинде. “Бишкек ЖЭБинин (ТЭЦ) модернизациясы” долбоорунун ишке ашып жатканын кечээ көрүп, таанышып келдим.Мен көргөнүмдөй биринчи жана экинчи этаптар боюнча алгылыктуу иш-аракеттердин жүрүп жатканын байкадым. ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо убактысынан эрте бүтөт.»- деп айткан ошондогу премьер-министр («Одним из факторов успешного прохождения отопительного периода является стабильная работа ТЭЦ Бишкека и Оша. Вчера я ознакомился с ходом реализации проекта по «Модернизации ТЭЦ Бишкека», исходя из увиденного, отмечаю, что наблюдается положительная динамика при проведении работ в рамках реализации первого и второго этапов, модернизация идет с опережением графика»).

Чындыгында бир күн мурун,тагыраагы 15-августта ошондогу премьер-министр Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) жаӊылоо боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышып келген. Ал расмий иш сапардын алкагында ошондогу Өкмөт башчы жылуулук-унаа цехинин башкаруу имаратынын курулушун кыдырып, ЖЭБдин (ТЭЦ) аймагындагы спорттук аянтты жана жаӊы жабдыктарды орнотуп,куруп жаткандарын көрүп, автотрансформаторлордун акыбалы менен таанышып кайткан. Ошондо премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жүрүп жаткан реконструкция иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган жана иштин сапаты бардык нормалар менен стандартка ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылуусун дайындаган.  

2016-жылдын 16-августунда Сооронбай Жээнбеков өзү “Аз убакыт ичинде “Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо” долбоору боюнча долбоордук документтерди бекитилген тартипте иштеп чыгып, КРнын өкмөтүнүн аппаратына КРнын Өкмөтүнүн Бишкек ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо долбоору боюнча документтерди бекиткен чечимин киргизүүнү” тапшырма берген.Буга тиешелүү протокол тиркелген.

TBEAнын жаӊылап берген ишин кабыл алган соӊ, ЖЭБди модернизациялоо боюнча сметалык документтерди даярдоо үчүн тендерди жарыялоого эмне себеп болду экен? «Электр станциялары» коому тендерди тикелей келишим төүзүү ыкмасы менен өткөргөн. Демек,сатып ала турган мекеме тендер өткөрбөй туруп камсыздай турган,кура турган ишкана-уюмду өз алдынча табат жана аны менен келишим түзүш керек. Башкача айтканда, «Электр станциялары» бул кулактандырууну жарыялабай туруп өзү жеӊүүчүнү аныктап койгон. КРнын мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамына ылайык сатып алуунун ыкмасына карабай бардык тендер жөнүндөгү жарыялар мекеменин маалымат сайтында жайгаштырылыш керек. “Электр станциялары” коому бул тендерди жарыялаш керек болчу,алар жарыя беришкен.  

Сатып алуунун мындай ыкмасын алар төмөнкү сөздөргө негиздешкен:  “Күн сайын керектелчү буюмдарды (товар)тез арада сатып алуу муктаждыгы сатып алчу мекеме (уюм) түзүлгөн кырдаалды алдын албагандыгы үчүн келип чыкты. Көрсөтүлгөн кырдаал түзүлгөн күндөн баштап бир айдын ичинде сөзсүз сынак өткөрүү шарты каралган”  (“Возникновение срочной необходимости в проведении закупок ежедневно потребляемых товаров в связи с обстоятельствами, которые не предвидела закупающая организация, при условии обязательного проведения конкурса в течение месяца со дня возникновения указанных обстоятельств»). Мындай түшүнүктөгү жазуу “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын 21-беренесинин, 4-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн.

Тендер жөнүндөгү жарыя мамлекеттик сатып алуулар мекемесинин маалымат сайтында жайгашкандыктан ага катышуу үчүн 3 компания каалоосун билдирген. Алар:

  1. “Промпроект”ААК;
  2. “Дизайн Инжиниринг”жоопкерчилиги чектелген коом;
  3. Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин алдындагы “Энергопроект” деп аталган Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөөчү жана долборлоо институту(мындан ары КМИДИ).

Сынактын аягына чейин 2 компания жеткен. Алар 13 430 000 сом сунуш кылган “Промпроект” ААК жана 11 770 446 сом сунуштаган “Энергопроект” КМИДИ. 3 400 000 сом сунуштаган «Дизайн Инжиниринг» ЖЧКсы башкалардай тажрыйбасы жоктугуна байланыштуу сынактан четтетилген. “Электр станциялары” коому 2018-жылдын 30-июль күнү “Энергопроект” КМИДИни  жеӊүүчү деп аныктаган. Бул уюм Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин алдындагы мамлекеттик мекеме болуп саналат.(Мындан ары ӨЭЖМК)

ӨЭЖМК — бул энергетика жана өнөр-жай министрлигинен кийинки эле мамлекеттик мекеме. Ал эми министрликти 2013-жылы Осмонбек Артыкбаев жетектеген. Артыкбаев Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюда мыйзамдык нормаларды бузганга барган. Артыкбаев кезегинде сөзсүз түрдө өтчү экспертизалардан өткөрбөй туруп жана коомдук угууга жөнөтпөй эле бул насыялык макулдашууну Парламентте ратификациялаганга жетишкен. Ал эми Парламент болсо бардык мыйзам бузууларга карабай долбоорду ратификациялап берген.  

Эмнеге «Электр станциялары» ачык акционердик коому мамлекеттик органга баш ийген мамлекеттик мекемени сметалык документтерди даярдаганга жалдап жатат? ӨЭЖМК Кыргызстан үчүн келишимдерге кол коюга жоопкерчиликтүү экенин билишеби?

Долбоордун техникалык планына ылайык «Электр станциялары» ишти аткаруучу тарап төмөнкү жумуштарды аткарышы керек деп эсептейт:

  1. Аткара турган жумуштардын көлөмүнүн тизмегин түзүш керек,этаптар жана бөлүктөр боюнча АЧ(АР)архитектуралык чечимдер,КЧ(КР)конструктивдүү чечимдер,ТБК(КЖ)темир бетон конструкциялары,МК(КМ)металл конструкциялары,АК(АС)архитектуралык курулуш,ЖШ(ОВ)жылуулук жана шамалдатуу,ЭЖ(ЭМО)электр жабдыгы жана электр жарыгы,ЭЖ(ЭС)электр жабдыгы,СК(ВК)суу киргизүү жана канализация,ӨС(ПС)өрт сигнализациясы, ЖМЧ(ТР)жылуулук механикалык чечимдер,ЧК(ПУ)чаӊды кетирүү,ЖЖ(ТИ) жабдууларды жана түтүктөрдү жылуулатуу жана б.у.с.

  2. Көлөмдөр эсептелген соӊ иштелип чыккан тизменин негизинде КРнын бүгүнкү күндөгү смета-нормативдик базасына ылайык (жергиликтүү, объекттин сметасы,бириктирилген сметанын эсеби)наркын эсептеп бааларын чыгаруу.

  3. КРнын мамлекеттик экспертизалар кызматынан аныктама алуу

  4. 16.07.2013-ж. №Д-166-21/322 контракттык макулдашууга кол коюлган учурга сметалык эсептерди эсептеп чыгуу.

2013-жылдын 3-кварталына карата капиталдык салымдар индексине ылайык “Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу.

Техникалык планды карап көрүп мындан да көп сууроолор жаралат…

Сметалык эсептөөлөр деген эмне?

Сметалык эсептөөлөр деген – бул долбоордук материалдарга ылайык курулушту ишке ашырууга керектелчү акча каражатынын суммасы.

Сметанын баасы капиталдык салымдардын көлөмүн аныкташ үчүн керек жана курулушту каржылоодо негизги болуп эсептелет.

Сметалык эсептөөлөр 2013-жылы даяр болуш керек эле. Анткени, ошондо “Электр станциялары” TBEA менен EPC ыкмасы аркылуу контракттык макулдашууга кол койгон. EPC ыкмасы деген бул “ачкыч”(под ключ)дегенди билдирет:

E (engineering) – инжиниринг — табуу, долбоордук жана макулдашылган иштер;

P (procurement) – камсыздоо(жумушту аткаруу) — долбоорду башынан аягына чейин бүтүрүү үчүн керектелчү жабдууларды тандайт жана сатып алат;

C (construction) – курулуш — курулуш иштерин, чогултуп монтаждоону жана ишке киргизүү иштерин аткаруу; 

Контракттын мындай шарттары Кыргызстан төлөйт, ал эми ишти аткаруучу (подрядчик) тарап бардык иштерди башынан аягына чейин бүтүрөт дегендикти билдирет. Тапшырык берүүчү тарап (Кыргызстан) ишти аткаруучу (подрядчик) тараптын ишине кийлигишпейт. Кандай кырдаал түзүлбөсүн жана күтүүсүз чыгашалар болбосун ишти аткаруучу (подрядчик) тарап бардык чыгашаны өз мойнуна алат. Куруучу тарап (подрядчик) бул ишти кандай, кантип, канчага жана эмнелерди сатып алып ишти бүтүрөт ал өз иши. Бул жерде кылмыштын курамы жок. 

«Электр станциялары» ачык акционердик коому сметалык эсептөөлөрдү TBEA компаниясынан  деле алып алса болот.

Бирок, Электр станциялар коому 2013-жылы контракттык макулдашууга кол коюлган учурдагы локалдуу жана бириктирилген сметалык эсептөөлөрдү бөлүштүрүү көлөмүн аныкташ үчүн 5 жылдан кийин 12 миллион сомду коротууга даяр. Эмнеге? “Электр стнациялар” ачык акионердик коомуна мунун эмне кереги бар?

 Бул суроого бизде жооп бар

 

2018-жылдын 17-майында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы ЖЭБди(ТЭЦ) модернизациялоо алкагында козголгон кылмыш иши боюнча мекемелер (ведомство) аралык курулуш-техникалык экспертиза дайындайт.   Ал эксперттер тобуна төмөнкү мекемелердин кызматкерлери киришти:

— Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин турак жай-жарандык курулуш департаментинин;

— БИШКЕКБАШКЫАРХИТЕКТУРА;

— Мамлекеттик экотехинспекциянын.

Эксперттерге тергөөчү төмөнкү суроолорду берген:

  1. Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоодо TBEA компаниясы тарабынан аткарылган иштин көлөмү, аткарылган иштин баасы, жабдуулар менен көрсөтүлгөн кызматтардын баасы атайылап көбөйтүлгөнбү?
  2. Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялаган TBEA компаниясы аткарган курулуш иштеринин сапатын, колдонулган курулуш материалдарынын сапатын аныктап берүү?
  3. TBEA компаниясынын Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоодо курулуш иштерин аткарганы Курулуш ченемдери жана эрежелеринин (КЧЭ)(СНиП)талаптарына туура келеби?

Экспертиза өткөрүү боюнча эксперттер УКМКнын тергөөчүсүнөн төмөнкүлөрдү сурашты:

долбоордун толук көлөмдөгү сметалык докмуенттерин;

— аткарылган иштердин актысын;

— эсеп-дүмүрчөктөрүн (счет фактура) же болбосо курулуш материалдарын сатып алуудагы дүмүрчөктөрүн(закупочные акты), унаалар менен механизмдердин иштөө акысына кеткен чыгымдардын дүмүрчөктөрү;

— өндүрүштү каттаган журнал жана автордук көзөмөл;

— жашырылган (арматурабетонго жашырылат, фундамент) курулуш иштеринин актысы;

— инженердик-техникалык шарттар.

Тергөөчү талап кылынган документтерди эксперттерге таап бере алган жок.

2018-жылдын 25-июнунда тергөөчүнүн TBEA компаниясы тарабынан Бишкектин ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоодо аткарылган иштин көлөмүн, иштин баасын, жабдуулар менен көрсөтүлгөн кызматтардын наркын көтөрүп, көбөйтүп ийгендигин далилдеген факты туурасындагы суроосуна эч кандай жооп бере алган эмес. Анткени эксперттерге долбоордун сметалык документтери көрсөтүлгөн эмес.

Калган эки суроо боюнча эксперттер оӊ жооп беришкен. Анткени, бардык аткарылган иштер курулуш ченемдери жана эрежелеринин талаптарына жооп берет деп айтылган.

Экспертизанын аныктамасы чыккандан кийин эртеси күнү ОАО «Электр станциялары» ачык акционердик коому «Бишкек ЖЭБин(ТЭЦ) модернизациялоо» долбоорунун сметалык документтерин даярдоо үчүн тендер жарыялады. Мунун баары эч кандай шек жаратпай элеби?

Ушунун баары Сапар Исаковко тагылган айыптын туура экендигин далилдеген аракеттер эмеспи? Тергөөнүн маалыматы боюнча Сапар Исаков TBEA компаниясынын кызыкчылыктарын колдогон имиш. 

TBEA компаниясы контракт боюнча крулуштун сапатына жооптуу болчу жана курулушту өз убагында бүтүрүп өткөрүп бериш керек эле. Сооронбай Жээнбековтун куруп берген (подрядчик) компаниянын бүткөргөн жумушун кабыл алганын эске алганда, алар өз ишин сапаттуу аткарган жана Кыргызстан тарап аларга дооматтары жок.

Ой-пикир кошуу

кирүү