КРнын Акыйкатчы-Омбудсмени кызматына жаӊы талапкер аталды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы-Омбудсмени Кубат Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 27-июнь күнү өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин билдирген. КРнын «Акыйкатчы-Омбудсмени жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Акыйкатчы кызматына талапкерди жалаӊ гана Парламенттеги фракциялар көрсөтө алат. Ошондой эле мыйзамда бир эле фракция үч талапкерди сунуштай ала тургандыгы жазылган. Канатбек Азиз «Прецедент Инфого» келип берген интервьюда азырынча «Ата-Мекен» фракциясынан жалгыз гана өзү талапкер экенин айтты. Юридикалык илимдердин доктору Канатбек Азиз буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп да иштеген. «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу болуп, 2017-жыл өткөн шайлоодо добуштар бурмаланбашы үчүн иштиктүү аракеттерди көргөнү менен белгилүү. «Прецедент Инфого» берген интервьюда Канатбек Азиз жаш балдарды зордуктаган зөөкүрлөргө каршы Омбудсмен институтунун иш-чараларын күчөтөөрүн билдирди.

Акыйкатчынын кызмат орду 2017-жылдын 27-июнунда бошогону менен парламент жайкы эс алууга тарагандыгына байланыштуу Омбудсменди шайлоо маселесин күзгө калтырган. Сентябрь айынын башында Парламентте Акыйкатчыны шайлоо маселеси каралмакчы. Азырынча башка талапкерлер туурасында маалымат ачыктала элек. 

Омбудсмен-Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылдын 21-ноябрынан бери иштеп келе жатат.Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы-Омбудсмени болуп Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун жана Бакыт Аманбаев иштеп кетишкен. 

Ой-пикир кошуу

кирүү