Унаа башкарып баратып телефондон видео көрүү

Cүрөт / Kloop

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

Жакынды эле интернет айдыӊында маршруттук такси айдап бараткан айдоочу телефондон видео көрүп жатканы тарады.

Бул көрүнүш коомчулукту кыжырдантты. А биз болсо бул маселенин юридикалык жагына көӊүл бурдук.

Жол кыймылынын эрежелери боюнча унаа башкарып бара жаткан айдоочуга телефон колдонууга тыю салынат.Эгерде телефонду колу менен кармабай техникалык каражттар менен пайдаланса анда башка кеп. Мисалы, телефон үчүн кулака тагылган блютуз гарнитурасы. 

Административдик укук бузуу жөнүндөгү КРнын кодексинин 239-беренесинде «Унаа каражаты жүрүп бара жаткан учурда айдоочу сүйлөшүү жана байланыш каражаттарын  колдонсо, анда эскертүү берилет же 2 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул төлөйт(б.а.200 сом)» деп жазылган. 

Белгилей кетүүчү жагдай, унааны башкарып бара жаткан учурда телефон менен сүйлөшүүнү бир гана кулакка такчу каражат (блютуз-телефн үчүн блютуз гарнитурасы) менен же катуу сүйлөшүү (динамика,громкая связь) аркылуу жүргүзсө болот.

Ошондой эле, айыпка жыгылуу жана ага карата жоопкерчиликке тартуу маселеси бири бирине дал келбегенин айта кетишибиз керек. Ар бир айдоочу, өзгөчө маршруттук таксилердин айдоочулары ар бир жүргүнчүнүн коопсуздугу үчүн жооптуу. Айдоочу, кетип бара жаткан жол чекесиндеги жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна да жооп берет.

Айдоочунун телефонду колуна кармап алып видео көрүп бара жатканын тасмага тартып алган күбө айдоочу порнографиялык мүнөздөгү видео көрүп баратканын айтат.

Социалдык тармактардын пайдалануучуларын айдоочунун телефон кармап унаа айдаганы эмес, ал көргөн видео порнографиялык мүнөздө экени кыжырдантты. Эскерте кетчү жагдай, КРнын мыйзамдарында порнографиялык тасмаларды көрүүгө тыю салган беренелер жок.

Ой-пикир кошуу

кирүү